понедельник, 15 июня 2015 г.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 1-курсуна 2015-2016-окуу жылына карата бакалаврдык даярдоо программалары менен абитуренттерди кабыл алуу ЭРЕЖЕСИ



 1.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР


1.1 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын  (мындан ары  КРПМБА) 1-курсуна 2014-2015-окуу жылына карата бакалаврдык даярдоо программалары менен абитуренттерди кабыл алуу (мындан ары «Эреже») тууралуу бул эреже төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыккан:
1)      Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30 - апрелиндеги №92 « Билим берүү  жөнүндөгү » Мыйзамы;
2)      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2011-жылдын 27-майындагы №256 Токтому менен бекитилген « Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартиби »;
3)      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы  №256 Токтому менен бекитилген « Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуренттерди жалпы республикалык тестирлөөнүн  жыйынтыгы боюнча тандоо жана кабыл алуу  жөнүндөгү  Жобо »;
4)      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын  2-июндагы  №404 Токтому менен бекитилген  « Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу  үчүн мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндөгү  Жобо »;
5)      КРПМБАнын 2015-жылдын 26-майындагы окумуштуулар кеңешинин №8 Протоколу менен бекитилген «КРПМБАнын кабыл алуу комиссиясы жөнүндөгү Жобо »;
6)      КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы №206 Жарлыгы менен бекитилген КРПМБАнын Уставы;
7)      КРБМАнын окумуштуулар кеңеши менен бекитилген «КРМБАдагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо (процессин) ишин уюштуруу жөнүндөгү Жобо»;

1.2  Талапка ылайык тастыкталган жалпы орто билими же кесиптик орто билими жөнүндөгү документи бар бардык адамдарга бакалаврдык даярдоо программалары менен 1- курска өтүүгө укук берилет.

1.3 Гранттык орундарга өтүүгө укугу бар абитуренттерди тандоо жана кабыл алуу механизми Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы №404 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы студенттердин окуусу үчүн  мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндөгү Жобо» менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы №256 Токтому менен бекитилген « Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуренттерди жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча тандоо жана кабыл алуу  жөнүндөгү Жобо» менен (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы №429 Токтомунун редакциясындагы) жана «Абитуренттердин категориялары жана аларга карата мамлекеттик билим берүү гранттарды пайыздык бөлүштүрүү жөнүндөгү Нускама» менен аныкталат.

1.4Контрактык негизде окутуунун шарты КРПМБА менен студенттин ортосундагы Келишимде айтылат. Гранттык негиздеги окутуунун шарты болсо КРПМБАдагы студент менен ишкердин ортосундагы Келишимде айтылат.

1.5 Башка мамлекеттердин жарандарын окутуу Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, андагы киргизилген тартиптегидей,  эл аралык келишимдердин негизинде жүргүзүлөт, ошондой эле КРПМБАнын келишимдеринин негизинде билим берүү уюмдары менен же өзүнчө жарандар  жүргүзүлөт.

1.6 Казак Республикасынын, Россия Федерациясынын, Беларусия Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын жарандары «Экономикалык жана гуманитардык багыттындагы окууларга тапшырууда интеграцияны терендетүү жөнүндөгү келишимдин катышуучулары – мамлекеттердин тен укуктуулугун камсыздоо жөнүндөгү »  (15.09.1999.Москва.) Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугу менен бирдей колдоно алышат.

1.7 Чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим же кесиптик орто билим жөнүндөгү мамлекеттик документтеринин эквиваленттери болгондой билими жөнүндөгү документти  көрсөтүүсү керек. Чет мамлекеттин жарандарынын документтери үчүн экспертиза КР ББИМде жүргүзүлөт. Билим берүүнүн талаптарына жооп бергендей мазмунундагы КР ББИМдин маалым каты жок чет мамлекеттин жарандары киргизилбейт.

1.8 Абитуриент жана анын мыйзамдуу өкүлдөрү ( ата-энеси, туугандары) КРМБАнын Уставы менен, мамлекеттик аттестациялоонун сертификаты жана билим берүү ишмердүүлүгүнө карата лицензиясы менен тааныша алышат. КРПМБАнын 1-курсуна 2015-2016-окуу жылына карата бакалаврдык даярдоо программалары менен абитуренттерди кабыл алуу эрежеси менен, ошондой эле кабыл алуу сынагынын, окуу үчүн төлөнүүчү каражаттын көлөмү жана тартиби жөнүндөгү жана башка  кабыл алууга байланыштуу маалыматтар менен таанышууга болот.

1.9 КРМБАнын бакалаврдык даядоочу программанын 1- курсуна өтүү үчүн негизги критерийи абитуриенттин жөндөмдүүлүгүнүн жана билиминин деңгээли болуп эсептелет.


2. Абитуриенттерди конкурсттук негизде тандоону уюштуруу
2.1 Абитуриенттерди конкурсттук тандоону жүргүзүү жана уюштуруу контрактык негиздеги бардык окуунун түрлөрү боюнча Ректордун буйругу менен Кабыл алуу комиссиясында  жүргүзүлөт. Ректор өзү төрага болот.

2.2   Абитуриенттерди конкурсттук тандоону жүргүзүү жана уюштуруу гранттык негиздеги окуунун түрү  боюнча Ректордун буйругу менен Гранттык комиссия  түзүлөт. Ректор өзү төрага болот.

2.3 Кабыл алуу комиссиясы өз ишмердүүлүгүн 2015-жылдын 26-майындагы №8 Окумуштуулар кеңешинин протоколу менен бекитилген «КРПМБАнын кабыл алуу комиссиясы жөнүндөгү Жобого» ылайык жүргүзөт.

 2.4  Бакалаврдык программалар менен КРПМБАга кабыл алуу контрактык негиздеги окуунун бардык түрлөрүнө  төмөнкү багыттар жана тармактар боюнча жүргүзүлөт:


Бакалаврларды даярдоо программалары

Багыттары

Профилдери
580900
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы маалыматтык-байланыш технологиясы
580200 Менеджмент

Мамлекеттик менчикти башкаруу
580100 Экономика




Мамлекеттик мекемелердеги бухгалтердик учет,
анализ жана аудит

Экономикалык саясат жана туруктуу өнүгүү

Мамлекеттик каржы жана каржыны жөнгө салуу

580800  Персоналды
башкаруу
Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардагы персоналды башкаруу

2.5  КРПМБАга гаранттык негизде бакалаврдык программадагы окууга кабыл алуу «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытындагы «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» тармагына жүргүзүлөт.
2.6 Окуу мөөнөтү:
Жалпы орто билимдүүлөр үчүн:
- күндүзгү  түрү боюнча - 4 жыл
- дистанттык түрү боюнча -5 жыл

Кесиптик орто билимдүүлөр үчүн:
- күндүзгү  түрү боюнча – 3жыл
- дистанттык түрү боюнча-4 жыл

2.7Жалпы орто билимдүү жана кесиптик орто билимдүү абитуриенттерди гранттык жана контрактык негизде бакалаврларды даярдоо программалары менен 1- курска кабыл алуу конкурсу ЖРТнын жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.

2.8 Экономикалык тармактагы кесиптик орто билмдүү абитуриенттерди контрактык негизде бакалаврларды даярдоонун тездетилген программалары менен 1- курска кабыл алуу конкурсу окуунун бардык түрлөрүндө  ЖРТнын жыйынтыгы менен , ЖРТ сертификаты жокторго баарлашуунун (собеседования) негизинде жүргүзүлөт.

2.9  ЖРТсы жок чет элдик жарандарды контрактык негизде бакалаврларды даярдоо программалары менен 1- курска кабыл алуу конкурсу математикадан,  орус (кыргыз) тилинен, тарых сабактарынан тестирлөөчү бланка түрүндөгү кирүү сынагынын жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.

2.10  КР ББИМ чечимине ылайык төмөнкү кошумча сабактар киргизилет:
---«Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты үчүн : тарых;
---«Экономика», «Персоналды башкаруу», «Менеджмент»  багыттары  үчүн : математика.

2.11  Конкурска катышууга жана катталууга КР ББИМ белгилегендей, кошумча сабактардагы баллына карабай,  ЖРТдан негизги тесттин өтүүчү баллынан кем болбогон абитуриенттер укуктуу.

2.12 Тандап алган багытына тиешелүү сабагынан кошумча тест тапшырбай калган абитуриент конкурска КР ББИМде белгиленгендей негизги тесттин өтүүчү баллынан кем болбогон учурда катыша алат.

2.13  Абитуриент ЖРТнын жыйынтыгы менен өз тандоосу боюнча биринчи турда бир эле учурда бир нече ЖОЖдун ар кандай багыттагы жана тармактардагы конкурсуна катыша алат. ЖРТ сертификаты экинчи жана үчүнчү турларда ваканттык орундарга конкурска катышу үчүн колдонушу мүмкүн.

2.14  Кабыл алууга сунушталган жана окуу үчүн төлөмгө  талапкер болгон абитуриент каттоо учурунда Кабыл алуу комиссиясына КРПМБАнын Окумуштуулар кеңешмеси бекиткен специалитеттик жана бакалаврдык программаларынын күндүзгү түрүндө окуу боюнча Жобосуна ылайык кабыл алуудагы талап кылынуучу документтерди берүүсү керек.


3.Абитуриенттерди тандоо конкурсун өткөрүү тартиби

3.1  ЖРТнын кесилген сертификаттык талондорун топтоо жана абитуриенттерди каттоо гранттык жана контракттык негизде окуунун бардык түрлөрү боюнча КР ББИМнин белгилеген мөөнөтүндө жүргүзүлөт.

3.2  Абитуриент же анын ишенимдүү өкүлдөрү (ата-энеси, туугандары)  ЖРТнын түп нускасын өзү менен кошо ала келүүсү керек.

3.3 Абитуриенттердин ЖРТнын кесилген сертификаттарын топтоого гранттык жана контрактык негиздеги   ар биртармакты даядоого карата мөөр басылып бекитилген жана тармактары жана окуунун түрү көрсөтүлгөн урна  жасалган.

3.4   Гаранттык орундарга тандоо механизми жана кабыл алуу тартиби КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27- майындагы №256 Токтому менен бекитилген КР жогорку окуу жайларга ЖРТнин жыйынтыгы менен абитуриенттерди кабыл алуу жана тандоо жөнүндөгү Жобого ылайык жана абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик гранттардын пайыздык  бөлүштүрүлүшүнүн Нускамасы менен жүргүзүлөт.( 1-тиркеме)
3.5. Биринчи турда грант алууга талапкер болгон абитуриент каалаган профилдин мөөр басылып бекитилген ящиктерине сертификаттын айрылма талонун таштоо жолу менен эки ЖОЖду же багытты тандап алууга укуктуу. Экинчи турда абитуриент же анын ишенимдүү адамы сертификаттын1 айрылма талонун колдонууга укуктуу.
3.6. Кабыл алуу комиссиясынын техникалык катчысы электрондук каттоо аркылуу  абитуриенттин маалыматтарын жана ЖРТ жыйынтыктарын каттайт. Электрондук каттоо журналында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
Ø  Абитуриенттин идентификациялык номери;
Ø  Негизги жана предметтик тест боюнча алган упайларынын саны;
Ø  Студент окууну каалаган багыттар жана профиль;
Ø  Катталган күнү;
Ø  Байланыш маалыматтары.
3.7. Каттоодон өткөндөн кийин абитуриент же анын ишенимдүү адамы өз колу менен тандаган багыттын, профилинин аталышы жана толтурулган күнү көрсөтүлгөн айрылма талонду урнага салуусу керек.  Андан ары техникалык катчы  абитуриентке талонду кабыл алуу жөнүндө тил кат берет.
3.8. Күн сайын КРПМБА маалымат такталарында жана сайтында багыттары жана профилдери боюнча бөлүштүрүлгөн абитуриенттердин идентификациялык номерлери жана жалпы упайлары (негизги тест жана бар болгон учурда кошумча предмет боюнча тесттин упайларынын суммасы)жазылган тизмелер илинет. Тизмелер КК техникалык катчысы тарабынан даярдалат
3.9. Абитуриент өздүк маалыматтарын тастыктоо, конкурстун жүрүшү жөнүндө маалымат алуу жана өзүнүн рейтингин анытоо үчүн КРПМБА маалымат тактасында же сайтында илинген маалыматтарга көз салуусу керек.
3.10 Эгер абитуриент маалымат тактасында өзүнүн идентификациялык номерин таба албаса же маалыматтар так болбосо маалыматттарды оңдоо үчүн техникалык катчыга кайрылуусу керек.
3.11. КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген талондордун мөөнөтү аяктаганда урналарды ачуу ишке ашырылат. Контракттык негизде окутууга талондор салынган мөөр менен бекитилген урна Кабыл алуу комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн катышуусунда ачылат. Жооптуу катчынын орун басарлар тарабынан ЖРТ сертификаттарынын айрылма талондорунун саны жөнүндө пртокол түзүлөт, ага Кабыл алуу комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
3.12. Гранттык негизде окутууга талондор салынган мөөр менен бекитилген урна Гранттык комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн катышуусунда ачылат. Жооптуу катчы тарабынан мамлекеттик билим берүү гранттарын ыйгаруу боюнча отурумдун протоколу түзүлөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
3.13. Гранттык жана Кабыл алуу комиссияларынын мүчөлөрү электрондук каттоо журналына киргизилген маалыматтарды урналардан алынган жана маалымат тактасында жана сайтта илинген маалыматтар менен  салыштырып текшерүүнү ишке ашырат.
3.14 Контракттык негизде ар бир профиль үчүн Академияга кабыл алуу үчүн кирүү упайлары ар бир турда Кабыл алуу комиссиясы тарабынан белгиленет.
3.15. Кабыл алууга кабыл алуу комиссиясы тарабынан белгиленген упайдан төмөн болбогон упайлары бар абитуриенттер сунушталат. Кабыл алуу комиссиясынын чечимдери протоколдор менен таризделет, аларга мүчөлөрдүн баары кол коюшат.
3.16.Бардык профилдер жана окутуу формалары боюнча кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери кийинки күнү саат 10дон кечиктирбестен КРПМБА маалымат тактасына же сайтына илинет. Тизмелер КК техникалык катчысы тарабынан даярдалат.
3.17. Негизги жана кошумча ЖРТ боюнча жалпы упайлардын жыйынтыктары бирдей болгон учурда негизги ЖРТ боюнча жогорку упай алган абитуриентке артыкчылык берилет.
3.18. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илингенден кийин КК техникалык катчылары абитуриенттерге маалымат беришет.
3.19. Чет өлкөлүк жаран - абитуриенттердин арасында кирүү сынагын өткөрүү үчүн Кабыл алуу комиссиясы предметтик комиссиялар тарабынан орто жалпы билим берүү программасына ылайык иштелип чыккан тесттик тапшырмаларды колдонот.
3.20. Тапшырмалардын пакеттери КК төрагасында мөөр менен бекитилген конверттерде сакталат, алар кирүү сынагын өткөрүүнүн алдында түздөн-түз аудиторияда ачылат.
3.21 Кирүү сынактарын уюштуруу КРПМБАда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу прцессин уюштуруу жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
3.22 Кирүү сынактарынын жыйытыктары менен макул болбогон абитуриент апелляция берүүгө укуктуу. Апелляция берүүнүн жана кароонун тартиби  Апелляциялык комиссия жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.

4.КООЖларды АЯКТАГАН АБИТУРИЕНТТЕРДИ КОНКУРСТУК ТАНДООНУ УЮШТУРУУНУН ЖАНА ӨТКӨРҮҮНҮН ТАРТИБИ
4.1. А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун (БФЭТ)  бүтүрүүчүлөрү үчүн документтерди кабыл алуунун жана маектешүү түрүндөгү кирүү сынактарын өткөрүүнүн мөөнөттөрүн КРПМБА белгилейт.
Документтерди кабыл алуу – 2015-жылдын 20-июнунан 30-июнуна чейин. Аттестациялолук сынактар  2015-жылдын 1-июлунан 6-июлуна чейин графиктин негизинде өткөрүлөт.
4.2. Башка КООЖдун бүтүрүүчүлөрү экономикалык профилдеги орто кесиптик билими жөнүндө диплому бар болгон учурда гана ылдамдатылган бакалаврдык программалар боюнча окутуу үчүн конкурстук тандоого катышууга укуктуу болушат. Документтерди кабыл алуу жана маектешүүлөрдү жүргүзүү ЖРТ жыйынтыктары боюнча абитуриенттерди тандоо турларын өткөрүү менен бир учурда жүргүзүлөт.
Документтерди кабыл алуу – 2015-жылдын 6-июлунан 11-июлуна чейин. Аттестациялолук сынактар 2015-жылдын 13-июлунан 20-июлуна чейин графиктин негизинде өткөрүлөт.
4.3. ЖРТ сертификаттары бар КООЖлардын бүтүрүүчүлөрү негизги тест боюнча КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген босого упайдан төмөн болбогон упайлары бар болгон учурда  4 жылдык программа боюнча бакалаврларды даярдоонун бардык профилдерине конкурска катыша алышат.
4.4. Академияга кирүү үчүн КООЖлардын бүтүрүүчүлөрү төмөнкү документтерди беришет:
Ø  тандалган багыт менен профилди көрсөтүү менен Ректордун наамына жеке арыз;
Ø  орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасы же аяктагандыгы жөнүндө маалымкат;
Ø  3*4 өлчөмүндөгү 6 фотография;
Ø  паспортунун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
Ø  каттоо күбөлүгүнүн же аскер билетинин көчүрмөсү (эркектер үчүн).
4.5. Кошумча документтер (ата-энесинин өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөр, майыптыгы жөнүндө МСЭК корутундусу ж.б.) абитуриент КР мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерге талаптанган учурда берилүүсү мүмкүн.
4.6. Кирүү сынактарынын расписаниеси КК төрагасы же анын орун басары тарабынан бекитилет, абитуриенттерге маалымат берилет жана маалымат такталарына илинет.
4.7. Жүйөлүү себептери жок кирүү сынактарына келбей калган адамдар конкурска катыша алышпайт.
4.8. КРПМБА кирүү үчүн зарыл болгон кирүү упайлары КК тарабынан белгиленет.

5. КАБЫЛ АЛУУ
5.1.ЖРТнын жана маектешүүнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алууга сунушталган абитуриенттер үч күндүн ичинде документтеринин түпнускаларын берүү жана окутуу үчүн жылдык төлөм акысынын 50% өлчөмүн төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктү көрсөтүү жолу менен КРПМБА студенти болууну каалагандагын тастыктоосу керек.
5.2. Академияга өткөндүгүн тастыктоо үчүн абитуриенттер төмөндөгү документтерди беришет:
Ø  тандалган багыт менен профилди көрсөтүү менен Ректордун наамына жеке арыз;
Ø  орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасы же аяктагандыгы жөнүндө маалымкат;
Ø  жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө сертификаттын түпнускасы;
Ø  3*4 өлчөмүндөгү 6 фотография;
Ø  паспортунун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
Ø  каттоо күбөлүгүнүн же аскер билетинин көчүрмөсү (эркектер үчүн).
5.3. Негизги тест боюнча КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген босого упайдан жогору упайы бар болгон шартта төмөнкүлөр конкурстан тышкары кабыл алынат:
Ø  запаска бошотулган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жеңилдиктерге укугу бар аскер кызматкерлери;
Ø  томолой жетим балдар жана ата-энесдеринин камкордугу жок калган балдар (үстүдөгү жылдын 1-октябрын кошо алганда 18 жашка чейинкилер);
Ø  Дарыгер- эмгектик комиссиянын чечими менен аныкталган, кесип жана багыт боюнча адистик алууга тыюу салынбаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
Ø  Эл аралык жана республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү (ошол жылы 1-3 орунду алгандар), эгерде тандалып алынган кесип же багыт боюнча олимпиадалык профилдик предмет негизи болсо;

5.4  ЖРТ нын жыйынтыгы менен КРПМБАда окууну каалаган абитуриенттер  тиешелүү документтерин алып келүүдө менен ,кабыл алганга чейин Көз карандысыз комиссиясы тарабынан  алган баллынын тууралыгы тастыкталышы керек
5.5   Көз карандысыз комиссия тарабынан бекитилгин абитуриенттердин тизмеси КРПМБА  ККна абитуриенттерди кабыл алуу боюнча буйрукту даярдоо үчүн берилет жана жалпы маалымат тактайына илинет.
5.6  КР ББИМ тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө абитуриентти  конкурстук негизде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы, анын ичинде ЖРТнын жыйынтыгы тууралуу тастыкталбаган маалыматты беген учурда студент бекитилген тартипте окуудан четтетилет.
5.7  Абитуриенттерге документтеринин түп нускасын тапшырууда, документтерди кабыл алгандыгы жөнүндө тил кат жана КРПМБА менен окуучу тарабынан түзүлгөн келишимдин бир нускасы берилет.
5.8  Абитуриенттердин ЖРТ боюнча топтогон баллынын саны көрсөтүлгөн, КООЖнун бүтүрүүчүлөрүнүн аңгемелешүүдөгү топтогон баллы көрсөтүлгөн кабыл алынгандыгы жөнүндөгү буйрук  ККнын маалымат тактайына илинет жана КРПМБАнын расмий сайтына жарыяланат.
5.9  Абитуриенттерди КРПМБАнын күндүзгү бөлүмүнүн студенттеринин катарына кабыл алуу 25-августка чейин жүргүзүлөт.
6.  КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ТӨЛӨМДӨР
6.1  Абитуриенттердин документтерин кабыл алууда  КРПМБА  ККнын чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн 800 сом өлчөмүндөгү акча алынат.
6.2  Эгерде абитуриент тапшыруу сыноолоруна чейин же аны кабыл алгандан кийин документин алып кеткен учурда, бирок окуу жылынын башталышында, документтерди кабыл алуу үчүн төлөмдөр кайтарылбайт, ал эми окуу үчүн төлөмдөр банктык кызматтын чыгымдары эсептелип алынып, кайтарылып берилет.
7.  КАБЫЛ АЛУУ КОМИССИЯСЫНЫН ОТЧЕТТОРУ
7.1  Өз жумушун ишке ашырган Кабыл алуу комиссиясы КРПМБАнын Кабыл алуу комиссиясы жөнүндө жобонун негизинде, көрсөтүлгөн мөөнөттү КРПМБАнын Илимий кеңешинин отурумунда Кабыл алуу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчет берет.
7.2   Кабыл алуу комиссиясынын отчеттук документтерди текшерүү иштеринин  катарына төмөнкүлөр кирет;
  • КРПМБАга абитуриенттерди кабыл алуу эрежелери;
  • КРПМБАнын магистирлик программасына конкурстук тандоо жүгүзүүнүн тартиби;
  • Кабыл алуу комиссиясынын,  гранттык комиссиясынын, экзамендик комиссиясынын, апелляциялык комиссиясынын курамын бекитүү боюнча буйругу;
  • КРПМБАнын Кабыл алуу комиссиясы жөнүндө жобосу;
  • КРПМБАнын экзамендик комиссиясы жөнүндө жобосу;
  • КРПМБАнын апелляциялык комиссиясы жөнүндө жобосу;
  • Кабыл алуу комиссиясынын протоколу;
  • Гранттык комиссиясынын протоколу;
  • Апелляциялык комиссиясынын протоколу;
  • Тапшыруу сыноосунун жүгүртмөсү;
  • Тапшырган студенттердин өздүк көктөмөсү;
  • Экзамендик ведомосттору;
  • Кабыл алуу жөнүндө буйруктары;
7.3  Жогоруда аталган документтердин бардыгы Кабыл алуу комиссиясынын иши аяктагандан кийин, КРПМБАнын Кабыл алуу комиссиясы жөнүндө жобосуна ылайык, АРӨжИЖБнө (ОРЧиД) өткөрүлө турган тапшыргандардын өздүк көктөмөсүнүн башкасы КРПМБАнын архивине тапшырылат.

Комментариев нет:

Отправить комментарий