пятница, 19 июня 2015 г.

Благодарственное письмо слушателей Ошского региона (ОМСУ)


Слушатели Ошского региона сотрудники ОМСУ выразили благодарность за прохождение курсов «Антикоррупционная политика. Профессиональная этика. Управление межэтническими отношениями».

 ТЕКСТ ПИСЬМА.
«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Насыров Алмаз Турусбековичке
Ыраазычылык кат!
  Урматтуу Алмаз Турусбекович!
Бизге 2015-жылдын 8-июнунан 20-июнуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы, башкаруу системасындагы чыр-чатактар, Кыргыз Республикасындагы жемкорлукка каршы саясат жана этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу боюнча сиз жетектеген Мамлекеттик башкаруу Академиясынын мугалими Окенеева Майрам Жокеновна сабак өттү.
  Майрам Жокеновна ар бир тема боюнча лекцияларды окуп, түшүндүрүп, бизди топ-топторго бөлүп, тапшырма берип, тема боюнча кандай түшүнүк алып жатканыбызды текшерип атты. Жөнөкөй тилде так түшүндүрүп берип жатканын сездик. Майрам Жокеновнанын жөнөкөйлүүгү, сабактарды түшүндүрө билүүсү, теория менен тажрыйбалык иштерди кошо алып баруусу менен мындан мурда окутуп кетишкен мугалимдерден өзгөчөлөнүп турду. Биз ушул эжейден алган билимибизди тажрыйба түрүндө иштеген эмгек жамаатыбызга кеңири колдонобуз.
  Сиз жетектеген Мамлекеттик башкаруу Академиясында Майрам Жокеновнадай өз кесибин сүйгөн профессионал мугалимдерди биз жакка жөнөтүп муниципалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтө тургандыгыңызга терең ишенебиз.
  Андан сырткары, Мамлекеттик башкаруу Академиясынын түштүк региону боюнча менеджери Макеева Сьездкүл Кадыкеевнага дагы ыраазычылык билдиребиз».

Напомним, АГУПКР проводит курсы повышения квалификации государственных и муниципальных служащих в рамках государственного заказа. 

Комментариев нет:

Отправить комментарий