вторник, 16 июня 2015 г.

КРПМБАда «Инновациялык изденүү куралдары» деген темада кызыктуу жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында «Ыйман» рух маданиятты өнүктүрүү фондунун «Интеллектуалдык инвестиция» демилгеси боюнча Кумар Бекболотов «Инновациялык изденүү куралдары» деген теманын алкагында талкуу өткөрдү.


Иш-чаранын максаты – Америкада иштеп, ушул тармакта топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүү.
Кумар Бекболотов талкуунун жүрүшүндө инновациянын мааниси, бүгүнкү күндөгү орду, аткарып жаткан ролу тууралуу айтып берди.
 «Мен инновация дегенди – жаңычыл изденүү деп бергем. Инновация асмандан түшкөн жок. Аны жасоо, ойлоп табуу ар бирибиздин колубуздан келет. Бирок, жалгыз адамга караганда топ же уюм менен жасоо жеңил жана натыйжалуу болот», - деди К.Бекболотов.
Ошондой эле ал инновация жасоонун негизги жолдоруна токтолуп, изденүү процесстеринин баскычтары: байкоо, түшүнүү, ой толгоо, прототип түзүү жана тестирлөө экенин баса белгиледи.
«Ар бир инновациянын түрткүсү бул – жеке адамдын башынан өткөргөн тажрыйбасына байланыштуу. Натыйжалуу изденүүдөгү ой толгоо, тандоодогу усулдар – визуализация – талкуудагы ойлорду жаза билүү, брейнсторминг – талкуудагы ойлорду тизмектөө, добуш берүү – ой-пикирлерди биргелешип аныктоо», - деп билдирди К.Бекболотов.
Талкуунун жыйынтыгында ал ийгиликтин негизги шарттары катары тездик, теңдик, башкара билүү, айкындык, ийкемдүүлүк экенин айтып өттү.  
Кошумчалай кетсек, Кумар Бекболотовдун «Инновациялык изденүү куралдары» деген темадагы талкуусу катышуучуларга кызыктуу жана пайдалуу болду.    
 






Комментариев нет:

Отправить комментарий