вторник, 9 июня 2015 г.

КРПМБАда «Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзга киришинин экономикалык аспектилери» деген темада илимий-эксперттик конференция өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында «Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзга киришинин экономикалык аспектилери» деген темада эл аралык илимий-эксперттик конференция болуп өттү. 


КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров илим жана билим берүү сферасын бириктирүү муктаждыгы жөнүндө билдирди.
  «Биз билим берүү мекемеси катарында биринчи кезекте билим алмашуу сферасын, адам ресурстарынын дараметин жогорулатуу жана кадрларды даярдоо сферасын бириктиребиз. Андан сырткары, Академия илим изилдөөчүлүк менен алектенет, ошондуктан биз биргелешип изилдөөчүлүктү ишке ашырган долбоорлорго кызыктарбыз. Мен ойлойм, бизде эмгектенген профессор-окутуучулардын иш-тажрыйбасы мол, таанымал окумуштууларыбыздын эмгектери сиздер үчүн кызыктуу болот деп ишенем», - деди А. Насыров.

Конференциянын жүрүшүндө «Экономический полюс» белоруссиялык бизнес-клубунун байкоочу кеңешинин төрагасы Михаил Малаш Кыргызстан экологиялык таза азык-түлүктү өндүрүүдө лидер болушу мүмкүн деген оюн айтты.
  «Азыр ЕАЭСдагы өлкөлөр экологиялык таза азык-түлүктөрдү колдонууда. Кыргызстан бул өңүттө кандайдыр бир ийгиликтерге жетиши мүмкүн», - деп билдирди М. Малыш.
Баардык катышуучулар өздөрүнүн баяндамаларында ЕАЭСга мүчө болгон мамлекеттер келечектеги экономикалык милдеттер тууралуу талкуулашты. Талкууга Армениянын, Белоруссиянын, Казакстандын жана Россиянын өкүлдөрү катышты.  









Комментариев нет:

Отправить комментарий