понедельник, 1 июня 2015 г.

КРПМБА жана КР Финансы министрлиги «Улуттук экономиканын негиздерин бекемдөөдө мамлекет жана бизнестин өз ара аракеттенүүсү» деген темада илимий-тажрыйбалык конференция уюштурду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги КР Финансы министрлигинин окуу борборунда «Улуттук экономиканын негиздерин бекемдөөдө мамлекет жана бизнестин өз ара аракеттенүүсү» деген темада Республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүштү.


Бул иш-чара «Улуттук экономиканы бекемдөө» жылына жана Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулду.
Конференциянын максаты: өлкөнүн улуттук экономикасындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн түзүүдө мамлекет жана бизнестин өз ара аракеттенүүсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча чечим чыгаруу.
         Конференциянын ишине академиялык өкүлдөр, бизнес-структураларынан, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан, белгилүү коомдук ишмерлер, окутуучулар, аспиранттар, изилдөөчүлөр, ЖОЖдордун магистранттары ж.б. катышты.    
        

 
 



Комментариев нет:

Отправить комментарий