пятница, 17 июня 2016 г.

КРПМБАнын магистрдик программалары Күндүзгү жана дистанттык окутуу формалары:


Багыттар
Программа
580900
Мамлекеттик  муниципалдык башкаруу
«Мамлекеттик саясат жана башкаруу» программасы;
«Мамлекеттик башкаруу жана саясий технологиялар» программасы;
«Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» программасы;
«Социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик башкаруу» программасы;
«Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы электрондук башкаруу жана маалымат-байланыш технологиялары» программасы;
 «Мамлекеттик башкаруу» программасы;
 «Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу» программасы.
580100
Экономика
Экономикалык саясат жана туруктуу өнүгүү”
Финансы жана кредит
Эсеп, анализ жана аудит
580200
Менеджмент
 «Мамлекеттик жеке шериктештик» программасы;
 «Иштиктүү башкаруу (МВА)» программасы;
 «Конфликттик кырдаалдарды башкаруу»  программасы;
 «Менеджмент»программасы.


ОКУУГА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР:

Академияга окууга тапшыруу үчүн абитуриент төмөнкүдөй документтерди даярдоо керек:
-     ректордун атына жазган арыз;
-     тиешелүү багыт боюнча “бакалавр” деген академиялык даражасы бар же жогорку кесиптик билими бар, же болбосо жакын адистиктеги квалификациясы бар мамлекеттик үлгүдөгү диплом болушу керек (түп нуска же нотариалдык жактан көчүрмөсү);
-      3х4 см өлчөмүндөгү сүрөт;
-     паспорттун көчүрмөсү.

Бюджеттик негизде программага окууга кирүү үчүн абитуриент кошумча:
-     иштеген жеринен жетекчинин атынан багытоочу коштомо кагаз берилет;
-     үзгүлтүксүз стажын тастыктаган маалымкат;
-     мамлекеттик органдардын статс-катчысынан жана облусттук, райондук администрациясынын же алардын аппараттарынын жетекчилеринен мүнөздөмө-жолдомо талап кылынат;
-     кадрлар бөлүмүнөн бекитилген эмгек китепчесинин көчүрмөсү (арыз берген учурда мамлекеттик же муниципиалдык кызматта иштеши керек);
-     абитуриенттин негизделген каты;
-     резюме/таржымалы.

ТАЛАПТАР:
Программа боюнча тапшыргандар үчүн (бюджеттик негизде):
“Мамлекеттик саясат жана башкаруу” багытына мамлекеттик же муниципиалдык кызматтарда 2 жыл кем эмес жетекчилик кызматтарда иштеген, 40 жашка чейинки курактагы адамдар тапшырса болот, ал эми калган программаларга 1 жылдан кем эмес иш стажысы талап кылынат.

ОКУУ МӨӨНӨТҮ:

-     күндүзгү формада – 2 жыл; “Мамлекеттик саясат жана башкаруу” программасы боюнча - 1,5 жыл;
-     дистанттык формада окуу үчүн – 2,5 жыл.
КРПМБАда кирүү сынактарын өткөрүү жана документтерди кабыл алуу мөөнөттөрү төмөнкүдөй тартипте болот:
-   2016-жылдын 4-июлунда магистрдик программасына документтерди кабыл алуу башталат;
-   кирүү сынактары төмөнкү жүгүртмөнүн негизинде жүргүзүлөт:
I агым: 2016-жылдын 25-июлунан 29-июлга чейин;
II агым: 2016-жылдын 22-августунан 26-августуна чейин;
III агым: 2016-жылдын 5-сентябрынан 9-сентябрына чейин.

Комментариев нет:

Отправить комментарий