среда, 8 июня 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» жаңы мыйзамын тааныштыруу максатында уюштурулган семинар болуп өттү

Бүгүн, 2016-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 2016-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон, 2016-жылдын 7-июнунда расмий түрдө күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» жаңы мыйзамын тааныштыруу максатында семинар өткөрдү.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору жана мамлекеттик органдардын статс-катчылары, кадр бөлүмдөрүнүн башчылары,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилери катышты.




Иш-чаранын алкагында КР Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Нурканбек Момуналиев жаңы мыйзамдын максатына жана ишке ашыруу жолдоруна токтолду.
Ал бүгүнкү иш-чара көп жылдык аракеттердин, изденүүлөрдүн, талкуулардын жана талыкпаган эмгектин жыйынтыгы экенин баса белгиледи.
Бул мыйзамдын максаты – жалпы мамлекеттик башкаруунун негизин түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматты бир нукка бириктирип, алардын укуктук жол-жоболорун бирдейлештирүүгө, кесипкөйлүк деңгээлин өнүктүрүү аркылуу элге мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууну көздөйт.   
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар кабыл алынган мыйзамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсү үчүн абдан маанилүү экенин талкуулашты. 








Комментариев нет:

Отправить комментарий