воскресенье, 5 июня 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында Жусуп Абдрахмановдун «1916. Сталинге кат. Күндөлүктөр» аттуу китебинин салтанаттуу бет ачаары болуп өттү

2016-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Тарых жана маданият жылынын алкагында Жусуп Абдрахмановдун «1916. Сталинге кат. Күндөлүктөр» аттуу кыргыз тилинде басылып чыккан китебинин салтанаттуу бет ачаары болуп өттү.




Кыргызстандын тарыхында Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетин түзгөн инсандардын бири катары белгилүү. Бул иш-чаранын максаты – автордун негизги оюн жана адабий маанисин талкуулоо.  
Иш-чарага белгилүү коомдук ишмерлер, академиялык коомчулук, жаштар жана студенттер катышты.
Китептин бетачаарынын ардактуу коногу Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленин Абдрахманова болду.


Иш-чаранын жүрүшүндө Жусуп Абдрахмановдун эмгектери кыргыз мамлекетин өнүктүрүүдө ачык жана даана экени аныкталды. Анын жазган күндөлүктөрүндөгү жазууларда ошол учурдагы саясий партиялык бийликтин мамилелери тууралуу дайыма ойлонгону камтылган.   
Аталган Жусуп Абдрахмановдун китеби бүгүнкү күнү да актуалдуу. Китептин мазмунуна социалдык-экономикалык терең талдоо берилди.
Жусуп Абдрахмановдун эң чоң эмгеги – кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымы болгон.


   


Комментариев нет:

Отправить комментарий