вторник, 14 июня 2016 г.

КРПМБАда «Эл аралык каржы институттарындагы жемкорлукка каршы саясат» темасында семинар өттү

Бүгүн, 2016-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Азиялык өнүктүрүү банкынын адиси Чолпон Мамбетова мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге «Эл аралык каржы институттарындагы жемкорлукка каршы саясат» темасында семинар өткөрдү.  



Семинардын максаты – студенттерге, жаштарга жана мамлекеттик кызматкерлерге Азиялык өнүктүрүү банкы ишке ашырган долбоорлорду тааныштыруу, жемкорлукка каршы саясат тууралуу тереңдетилген маалымат берүү жана бул багытта мамлекеттик кызматкерлердин дараметин жогорулатуу.




Семинардын жүрүшүндө угуучулар эл аралык деңгээлдеги долбоорлордун иш жүзүнө ашырылышы, АӨБ тарабынан Кыргызстанга берилген насыя, гранттар тууралуу маалыматтарды алышты.


Ошондой эле, семинардын катышуучуларына тренер жемкорлук бир гана акча берүү жолу менен гана эмес, алдамчылык, мажбурлоо, көмүскө бүтүм, чыр-чатак кызыкчылыктары ж.б. жолдор аркылуу болоорун айтып берди.





Комментариев нет:

Отправить комментарий