четверг, 23 июня 2016 г.

Аспирантура менен докторантурага тапшыруунун жана окутуунун шарттары

Аспирантурага конкурстук тандоонун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат. Ошондой эле илимий-аналитикалык ишмердүүлүктөргө жөндөмү бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана жогорку билими бар же академиялык магистрдик даражасы бар илимий-педагогикалык кызматкерлер кабыл алынат.

Негизинен, аспирантурага мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда практикалык тажрыйбасы жок,  жогорку окуу жайларынын мыкты бүткөн өзгөчөлөнгөн бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат.



2015-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Диссертациялык Кеңештин  Д.08.15.520 08.00.05 «Экономика жана эл чарбасын  башкаруу»  жана 08.00.10 «Финансы, акчаны айландыруу жана кредит» адистиктери  боюнча кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоо боюнча тең уюштуруучулукту алып баруучу мекеме.

Окутуу мөөнөттөрү:
·         күндүзгү аспирантура – 3 жыл;
·         сырттан окуу боюнча аспирантура – 4 жыл;
·         докторантура – 3 жыл.

Докторантурага жана аспирантурага кабыл алынуучу негизги илимий адистиктердин тизмеси:

08.00.05 – «Экономика жана эл чарбасын башкаруу»;
08.00.10 – «Финансы, акча айландыруу жана   кредит»;
05.13.10 – «Социалдык жана экономикалык системалардагы башкаруу»;
05.13.00 – «Информатика, эсептөө техникасы жана информатизация»;
23.00.02 – «Саясай институттар, процесстер жана технологиялар»;
12.00.02 – «Конституциялык укук; муниципалдык укук»

Окууга кирүү үчүн документтер:

·                   ·        Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректорунун атына аспирантурага кабыл алуу тууралуу                    илимий         адистигин жана окуу формасын көрсөтүү менен жазылган абитуриенттин арызы                        (күндүзгү же сырттан);
·                   ·    Кадрларды каттоо боюнча өздүк барак(анкета), кадр кызматы боюнча жетекчинин колу менен                                 күбөлөндүрүлгөн болушу керек;
·        Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кадр бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн болушу зарыл. Адистик боюнча тажрыйбасы бар, өзү тапшырган адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес болушу керек.
·         Тажрыйбасы жок болсо, анда сөзүз түрдө Мамлекеттик аттестациялык комиссия же Окумуштуулар Кенеши тарабынан берилген мүнөздөмө-жолдомосу керек. Абитуриенке милдеттүү түрдө Окумуштуулар Кеңеши тарабынан же Мамлекеттик Аттестациялык комиссия тарабынан берилген пртоколдун көчүрмөсү;
·         Таржымалы/резюме;
·         Паспорттун көчүрмөсү;
·         Жогорку билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү дипломдун көчүрмөсү;
·          3х4 өлчөмүндөгү 2 фотосүрөт;
·         20-25 беттен турган тандап алган адистиги боюнча жазылган реферат;
·      Публикацияларынын тизмеси. Абитуриент документтерин тапшырууда адистиги боюнча 2ден кем эмес илимий журналдарга жарыяланган эмгеги болушу керек;
Кандидаттык минимумдарды тапшыргандыгы тууралуу (эгерде аларды тапшырган болсо) күбөлүгүнүн түп
нускасы (форма 2.2) тапшырылышы зарыл.




Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

 Мамлекеттик башкаруу академиясы

Бишкек шаарында жайгашкан,
дареги: Панфилов көчөсү, 237
 тел.:+996 312 66 53 47,
эл.дареги: departament-don@apap.kg,
веб сайт: www.agupkr.blogspot.kg




Комментариев нет:

Отправить комментарий