среда, 1 июня 2016 г.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссия жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн Президенттик стипендия ыйгаруу боюнча конкурска документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссия 2015-2016-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окуу, илимий-чыгармачылык жана коомдук-маанилүү иште өзгөчө айырмаланган жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн Президенттик стипендия ыйгаруу боюнча конкурска документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.      

Ушуга байланыштуу Сиздерден талапкерлерди алдын-ала тандоону жана конкурстук талаптарга жооп берген студенттерди сунуштоону суранабыз.
Бирдей шарттар болуп калган учурда Президенттик стипендияларды ыйгарууда артыкчылык жетим балдарга, ата-энесинин камкордугу жок балдарга, бала кезинен майыптарга берилет.
Документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- ЖОЖдун ректорунун коштомо каты;
- ЖОЖдун илимий кеңешинин чечими;
- талапкердин резюмеси;
- өзү тууралуу эссе;
- талапкердин окуудагы, илимий жана коомдук иштердеги жетишкендиктерин, өзгөчө айырмалангандыгын ырастоочу башка жокументтер.
Документтер ушул жылдын 10-июнуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй проспекти 205, 636-кабинет, конвертке “Конкурс” деген белги коюу керек.
ЖОЖдун ректоратынан ар бир факультеттин өңүтүндө күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттеринин саны жөнүндө маалыматты жөнөтүүнү сурайбыз.



     

Комментариев нет:

Отправить комментарий