четверг, 9 июня 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү

Бүгүн, 2016-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө боюнча кабыл алган Жарлыгынын негизинде «Жусуп Баласагындан калган мурас жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу маселелери» деген аталышта республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.  



Иш-чарага республиканын жогорку окуу жайларынын жана Мамлекеттик башкаруу академиясынын окумуштуулары катышты.  
Конференциянын негизги максаты – Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» чыгармасы түрк элдерине, анын ичинен кыргыз элине кандай таасир тийгизгендигин, окумуштуулар бул улуу мурастагы ойлорду кандай изилдеп жаткандыгын, аларды бүгүнкү илим, окуу-тарбия ишинде кантип пайдаланышыбыз керек экендигин талдоо жана чыгармадагы кыргыз элинин тарыхына, маданиятына тиешелүү болгон ой-пикирлерди талкуулоо.  





Талкуунун аягында окумуштуулар: чыгарманын түп нускасын кыргыз тилине которуу, Мамлекеттик башкаруу академиясында атайын спец-курс ачып, Жусуп Баласагын боюнча студенттерге, магистранттарга сабак өтүү  жана Ж.Баласагынды кыргыз элинин улуу мурасы катары ЮНЕСКОго каттатуу сыяктуу сунуштарын ортого салышты.

Мыкты баяндамаларды өзүнө камтыган республикалык илимий-практикалык конференция ийгиликтүү жыйынтыкталды. 




Комментариев нет:

Отправить комментарий