Багыттар
|
Программа
|
580900
Мамлекеттик муниципалдык башкаруу
|
«Мамлекеттик саясат
жана башкаруу» программасы;
«Мамлекеттик
башкаруу жана саясий технологиялар» программасы;
«Мамлекеттик жана
муниципалдык башкаруу» программасы;
«Социалдык чөйрөдөгү
мамлекеттик башкаруу» программасы;
«Мамлекеттик жана
муниципалдык башкаруудагы электрондук башкаруу жана маалымат-байланыш
технологиялары»
программасы;
«Мамлекеттик башкаруу» программасы;
«Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча
башкаруу»
программасы.
|
580100
Экономика
|
Экономикалык саясат
жана туруктуу өнүгүү”
Финансы жана кредит
Эсеп, анализ жана аудит
|
580200
Менеджмент
|
«Мамлекеттик жеке шериктештик» программасы;
«Иштиктүү башкаруу (МВА)» программасы;
«Конфликттик кырдаалдарды башкаруу» программасы;
«Менеджмент»программасы.
|
ОКУУГА
ТАПШЫРУУ ҮЧҮН КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР:
Академияга окууга тапшыруу үчүн
абитуриент төмөнкүдөй документтерди даярдоо керек:
- ректордун атына жазган арыз;
- тиешелүү багыт боюнча “бакалавр” деген академиялык
даражасы бар же жогорку кесиптик билими бар, же болбосо жакын адистиктеги
квалификациясы бар мамлекеттик үлгүдөгү диплом болушу керек (түп нуска же
нотариалдык жактан көчүрмөсү);
-
3х4 см өлчөмүндөгү сүрөт;
-
паспорттун көчүрмөсү.
Бюджеттик негизде программага
окууга кирүү үчүн абитуриент кошумча:
- иштеген жеринен жетекчинин атынан багытоочу коштомо кагаз
берилет;
- үзгүлтүксүз стажын тастыктаган маалымкат;
- мамлекеттик органдардын
статс-катчысынан жана облусттук, райондук администрациясынын же алардын
аппараттарынын жетекчилеринен мүнөздөмө-жолдомо талап кылынат;
- кадрлар бөлүмүнөн бекитилген эмгек китепчесинин көчүрмөсү
(арыз берген учурда мамлекеттик же муниципиалдык кызматта иштеши керек);
- абитуриенттин негизделген каты;
- резюме/таржымалы.
ТАЛАПТАР:
Программа боюнча тапшыргандар үчүн (бюджеттик негизде):
“Мамлекеттик саясат жана башкаруу” багытына мамлекеттик же муниципиалдык
кызматтарда 2 жыл кем эмес жетекчилик кызматтарда иштеген, 40 жашка чейинки
курактагы адамдар тапшырса болот, ал эми калган программаларга 1 жылдан кем эмес иш стажысы талап кылынат.
ОКУУ МӨӨНӨТҮ:
-
күндүзгү формада – 2 жыл; “Мамлекеттик саясат жана башкаруу” программасы
боюнча - 1,5 жыл;
-
дистанттык формада окуу үчүн –
2,5 жыл.
КРПМБАда кирүү
сынактарын өткөрүү жана документтерди кабыл алуу мөөнөттөрү төмөнкүдөй тартипте
болот:
-
2016-жылдын 4-июлунда магистрдик программасына
документтерди кабыл алуу башталат;
-
кирүү сынактары төмөнкү жүгүртмөнүн негизинде жүргүзүлөт:
I агым: 2016-жылдын 25-июлунан 29-июлга чейин;
II агым: 2016-жылдын 22-августунан 26-августуна чейин;
III агым: 2016-жылдын 5-сентябрынан 9-сентябрына чейин.
Комментариев нет:
Отправить комментарий