Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү маселелери боюнча
комиссия 2015-2016-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окуу, илимий-чыгармачылык жана
коомдук-маанилүү иште өзгөчө айырмаланган жогорку окуу жайларынын студенттери
үчүн Президенттик стипендия ыйгаруу боюнча конкурска документтерди кабыл алуу
жөнүндө жарыялайт.
Ушуга байланыштуу Сиздерден талапкерлерди алдын-ала
тандоону жана конкурстук талаптарга жооп берген студенттерди сунуштоону
суранабыз.
Бирдей шарттар болуп калган учурда Президенттик
стипендияларды ыйгарууда артыкчылык жетим балдарга, ата-энесинин камкордугу жок
балдарга, бала кезинен майыптарга берилет.
Документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- ЖОЖдун ректорунун коштомо каты;
- ЖОЖдун илимий кеңешинин чечими;
- талапкердин резюмеси;
- өзү тууралуу эссе;
- талапкердин окуудагы, илимий жана коомдук иштердеги жетишкендиктерин,
өзгөчө айырмалангандыгын ырастоочу башка жокументтер.
Документтер ушул жылдын 10-июнуна чейин төмөнкү дарек
боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй проспекти 205, 636-кабинет, конвертке “Конкурс”
деген белги коюу керек.
ЖОЖдун ректоратынан ар бир факультеттин өңүтүндө күндүзгү
окуу бөлүмүнүн студенттеринин саны жөнүндө маалыматты жөнөтүүнү сурайбыз.
Комментариев нет:
Отправить комментарий