пятница, 29 января 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында «Бишкек-Уфа диалогу: терроризм жаштар үчүн коркунучтуу фактор» видеоконференциясы болуп өттү

2016-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Бишкек-Уфа диалогу: терроризм жаштар үчүн коркунучтуу фактор» темасында онлайн видеоконференция болуп өттү. Видеоконференцияга Кыргыз Республикасындагы алдыңкы эксперттер, политологдор, социологдор, экономисттер, юристтер КРПМБАнын аспиранттары, студенттери жана Башкортостан Республикасынын академиялык коомдоштугу жана Уфанын ЖОЖдору катышты.

Видеокөпүрөнүн катышуучулары террордук коркунучту алдын-алуу боюнча жаштар бирикмесинин аткарган жумуш өлчөмдөрүн, коомдук уюмдардын маанилүү ролун баса белгилешти. Өзгөчө көңүл жаштарга бурулду. Анткени, алар коомчулуктун жардамга муктаж бөлүгү жана экстремизм топторуна социалдык түйүндөр аркылуу оңой тартылышат.    
Видеоконференциянын жүрүшүндө бүткүл дүйнөлүк жана аймактык процесстерде жаштардын окшош аныкталган көйгөйлөрү, терроризмди алдын-алуудагы жаштардын жана диний бирикмелердин ролу, ДАИШ түзүлүш тармактарына жаштарды тартып жаткан маалыматтык-психологиялык ыкмаларды табуу менен буга карама-каршы коюлган медиа мейкиндиктеги террорлукка каршы саясат талкууланды.     
         Тараптар Кыргызстандагы жана Россиядагы террорлукка каршы аракеттердеги билим берүү технологиясынын дараметин, ага кошумча постсоветтик жаштар арасында, андан сырткары, жаштардын аң-сезиминдеги Сирия жана Украина окуяларындагы геосаясый өзгөчөлүктөрдү табууну талкуулашты.   
         «Бишкек-Уфа диалогу: терроризм жаштар үчүн коркунучтуу фактор» видеоконференциясы көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо, террорлукка каршы аракеттерди чечип, иштеп чыгуу боюнча эксперттердин биригип өз ара аракеттешүүсүнө, Россия, Кыргызстан жана башка постсоветтик өлкөлөрдүн мейкиндигиндеги жаштарга террорлук уюмдардын коркунучтуу таасирлерин тийгизбөөнү талдоо үчүн жакшы аянтча болду.    
         Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, «Берлек-Единство» Геосаясий изилдөө борбору жана М.Акмулла атындагы Башкортостан Мамлекеттик педагогикалык университети биргелешип уюштурду.







Комментариев нет:

Отправить комментарий