понедельник, 25 января 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында «Миграция жана өнүктүрүү» тренингинин катышуучуларына сертификаттар тапшырылды

Бүгүн 2016-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Миграция жана өнүктүрүү» темасындагы (40 саатты өзүнө камтыган) тренинг жыйынтыкталып, 46 катышуучуга сертификат тапшырылды. Сертификатты Жогорку административдик жана башкаруу курстарынын директору Роза Даудова тапшырды.

Эске салсак, аталган тренингди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн «Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы бардык жердеги миграция курамын кошуу боюнча ааламдашкан программа» долбоорун ишке ашыруу максатында Миграция боюнча эл аралык уюму, Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын элчилиги жана КРПМБА биргелешип уюштурган.   









Комментариев нет:

Отправить комментарий