суббота, 16 января 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында «Ачык эшик күнү» иш-чарасы ийгиликтүү өттү

Бүгүн 2016-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында болуп өткөн «Ачык эшик күнү» иш-чарасына алыскы Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан келген мектеп окуучулары катышты.

Иш-чарага катышкан окуучуларга (1-агымда 270, 2-агымда 270 окуучу катышты) Мамлекеттик башкаруу академиясынын окуу иштери боюнча проректору Марина Омурбекова, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо секторунун аткаруучу директору Салия Сейдахматова, Тилдер кафедрасынын башчысы Гулайым Урусова, Карьера жана лидерлик борборунун директору Эльмира Турсунова жана Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн менеджери Айдана Давлетова  толук маалымат беришти.
«Урматтуу окуучулар, силер бүгүн бир гана окуу жай тууралуу ооз эки маалымат угуп кетпестен, окуу жайдын имараты, окуу системасы, академиянын иш-аракеттери менен таанышсаңар болот. Биздин академия мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо боюнча жалгыз окуу жай. Эгер силер мамлекеттик башкаруу, муниципалдык орган,  экономика, бухгалтердик эсеп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармактарында иштөөнү максат кылган болсоңор, анда силердин кыялыңар түздөн-түз биздин академия менен байланыштуу», - деди М.Омурбекова.  
Ал эми иш-чараны өткөргөн Карьера жана лидерлик борборунун директору Эльмира Турсунова окуучуларга академиянын жашоосундагы студенттердин социалдык, маданий, спорт тармактарындагы жетишкендиктери тууралуу айтып берди.
 «Ачык эшик күнү» иш-чарасынын жыйынтыгында катышуучулардын арасынан 60ка жакын окуучу Мамлекеттик башкаруу академиясына тапшырышарын билдиришти.


























Комментариев нет:

Отправить комментарий