пятница, 15 января 2016 г.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Гайдар форуму 2016га эксперт болуп катышты

2016-жылдын 14-январындагы Гайдар форумунун экинчи иш күнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров «Шанхай кызматташтык уюмунун иш-аракетиндеги кадрдык жана эксперттик-аналитиканы камсыздоону өнүктүрүү», «КМШ өлкөлөрүндөгү мамлекеттик жарандык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча мыкты даярдоо практикалары» темасындагы талкуу сессияларында эксперт болуп катышты.  

Талкуу сессияларынын алкагында чет өлкөлүк жана россиялык эксперттер мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык камсыздоо көйгөйлөр жөнүндө ой-пикирлерин ортого салышты, жаңы кадрдык маалыматтык технологияларды маселелерди киргизүүнү жана бул чөйрөдөгү тенденцияларды талкуулашты.    
Адистерди өзгөчө ШКУнун (Шанхай кызматташтык уюмунун) мейкиндигинде экономикалык мамилелердин дараметин өнүктүрүүнү жана азыркы тоскоолдуктарды жеңүү маселелерин карап чыгышты.  
Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акы системасын реформалоодогу тажрыйбасы тааныштырылып, мамлекеттик кызматкерлердин иш-аракетине баа берүү, өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоодогу мамлекеттик тапшырыктын механизмдери, мотивациясы тууралуу маалыматтар айтылды.








Комментариев нет:

Отправить комментарий