вторник, 26 января 2016 г.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн, магистранттарынын жана студенттеринин арасында илимий иштер боюнча сынак жарыялайт


I. Максаты
Сынактын максаты – жаш адистерди, магистранттарды жана студенттерди илимий изилдөө иштерине тартуу жана кеңири коомчулукка экономика маселелери боюнча идеяларды жана принциптерди жайылтуу болуп саналат. 

II. Катышуучулар
Сынакка төмөнкүлөр катыша алат:
- Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайларынын 2015-жылдын бүтүрүүчүлөрү, магистранттар жана 4-5-курстардын студенттери;
- чет өлкө жождорун 2015-жылы бүтүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөдө окуп жаткан магистранттар жана 4-5-курстун студенттери.
Бир адам бир гана илимий ишти тапшыра алат.
Авторлордун максималдуу саны эки адам.

III. Талаптар
1. Илимий иштер Кыргыз Республикасынын экономикасына тиешелүү маселелерге арналууга жана төмөнкү багыттардын бирин камтууга тийиш:
- банк жана банктык эмес (микрокаржылык уюмдар, кредиттик союздар жана ж.б.) иш;
- банктык жана банктык эмес жөнгө салуу;
- тышкы экономикалык мамилелер;
- мамлекеттик бюджет (мамлекеттик жана жеке карыз, фискалдык саясат); 
- акча-кредиттик саясат;
- инфляция жана инфляциялык процесстер;
- төлөм системалары / накталай эмес эсептешүүлөр;
- финансылык туруктуулук;
- финансы рыноктору;
- компаниялардын жана үй чарбачылыгынын экономикалык иш жагдайы
- экономикалык өсүш.
2. Талдап-иликтөөлөрдүн сандык ыкмасын пайдалануу (эконометрикалык инструменттердин пайдаланылышына артыкчылык берилет).
3. Төмөнкү материалдар кабыл алынат:
- кафедранын отурумунун чечими менен жактырылган магистрдик жана дипломдук иштердин тезистери (жогорку окуу жайынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кафедра отурумунун протоколунан көчүрмө кошо тиркелсин);
- кафедранын отурумунун чечими менен жактырылган жана жарыялоого сунушталган илимий иштер (жогорку окуу жайынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кафедра отурумунун протоколунан көчүрмө кошо тиркелсин).
4. Тексттин мазмунун көчүрүүсүз, 90 % өзүнө гана таандык болушу зарыл. Плагиаттыкка жол берилбейт. www.antiplagiat.ru сайтынан документтин түп нускалыгы жөнүндө кыскача отчет кошо тиркелүүгө тийиш.
5. Илимий иштерди мамлекеттик же расмий тилдерде жөнөтүүгө болот.
6. Илимий иштер буга чейин бир дагы журнал, гезит, электрондук булактарда жарыяланбоого тийиш.
7. Ишке карата коюлган талаптар:
Илимий иш төмөнкү бөлүктөрдөн турууга тийиш:
7.1. Иштин аталышы мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде.
7.2. Аннотация мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде (ар бир тилде 3-4 сүйлөмдөн), негизги сөздөр (5-6 сөздөн ашпаган) JEL, УДК.
7.3. Киришүү (максаты, милдети, объектиси, изилдөө ыкмалары, эгерде болсо гипотезасы).
7.4. Негизги тезистер (теориялык, методологиялык аспектилер жана эмпирикалык эсептешүүлөр).
7.5. Корутунду (тыянактар, сунуштар, көрсөтмөлөр). 
7.6. Колдонулган адабияттар. Цитата келтирүүдө, шилтемелерди жана адабияттардын тизмесин тариздөөдө ГОСТ Р7.0.5 2008 же АРА стандартын колдонуу.
7.7. Тиркеме.
Сынакка берилүүчү иштин көлөмү А4 форматындагы 15 (он беш) беттен ашпоого тийиш; Times New Roman шрифти колдонулуп, шрифттин өлчөмү 12, интервалы 1,5 ашпоого тийиш; тилкеси: сол жагынан 3, жогору/төмөн жагынан 2, оң жагынан 1,5 см аралыгы сакталышы зарыл. Документтин форматы *.doc (копия *. pdf).
III бөлүмгө жооп бербеген иштер кароого алынбайт.

IV. Сынакка катышуу үчүн зарыл документтер
Сынакка илимий иштерди кабыл алуу 2016-жылдын 29-февралында саат 17:30га чейин жүргүзүлөт.
Катышуучулар окуган жеринен маалымкаттын түп нускасын, кол коюлган Билдирменин формасын жана илимий ишти тиркөөсү зарыл.  
Чогуу бүткөрүлгөн иштер үчүн бир билдирме берилет
Илимий иштер «Илимий иштер сынагына» (Б.А. Тыналиевге) белгиси астында, төмөнкү дарек боюнча:  
720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Т. Үмөталиев атындагы көчө 101, 104-бөлмө жана btynaliev@nbkr.kg электрондук почтасы боюнча жөнөтүлүүгө тийиш

V. Сынакты өткөрүүнүн тартиби
1-баскыч. 2015-жылдын 18-декабрынан 2016-жылдын 29-февралына чейин  илимий иштерди кагазга чыгарылган же электрондук түрдө кабыл алуу (таблицаларды, графиктерди, эсептешүүлөрдү кошо тиркөө менен). 
2-баскыч. 2016-жылдын 1-мартынан 11-мартына чейин III бөлүктө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүсү көз карашынан аларды текшерип чыгуу
3-баскыч. 2016-жылдын 14-мартынан 15-апрелине чейин III баскычтын жыйынтыгы боюнча өткөн илимий иштерге тиешелүү комиссия VI бөлүктө көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык баа берет.  
4-баскыч. 2016-жылдын 27-апрелинде жеңүүчүлөрдү сыйлоо. 
Белгиленген мөөнөттөр келип түшкөн иштердин көлөмүнө жараша өзгөртүлүшү мүмкүн. Бардык өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сайтында жарыяланат
Сынакка сунушталган, анын ичинде каралган жана кароого алынбаган илимий иштер рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.  
Сынактын жыйынтыгы жөнүндө маалымат бардык катышуучуларга 2016-жылдын 22-апрелине чейин электрондук почта аркылуу билдирилет.  

VI. Сынакка сунушталган илимий иштерге баа берүү критерийлери (балл менен)
Сынакка сунушталган илимий иштер төмөндөгү критерийлер менен бааланат:
- Илимий эмгектин Кыргызстандын экономикасы үчүн актуалдуулугу (10 б.);
- Улуттук банктын илимий, тажрыйбалык, колдономо иши үчүн алардын мааниси (10 б.);
- иштин жүрүшүндө илимий-методологиялык ыкмалардын колдонулушу жана эконометрикалык жана статистикалык ыкмаларды колдонуу менен эсептөөлөрдүн колдонулушу (10 б.);
- эмпирикалык маалыматтарга жана теоретикалык тыянактарга таянуулар (10 б.);
тыянактардын жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн камтылышы (10 б.);
- иштин грамматикалык жана стилистикалык жактан туура келиши (10 б.).

VII. Сыйлык өлчөмү
Биринчи орун 10 000 сом (авторлордун санына карабастан) жана Улуттук банктан такшалуудан өтүү мүмкүнчүлүгү; 
Экинчи орун 7 000 сом (авторлордун санына карабастан).
Үчүнчү орун 5 000 сом (авторлордун санына карабастан). 
Үч кызыктыруучу сыйлык 5 сом номиналындагы акрил блоктору. 

VIII. Маалымат алуу үчүн
Телефон  
+ (996 312) 45-53-09.





Жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн, магистранттарынын жана студенттеринин арасында илимий иштер сынагы жөнүндө
жобого карата тиркеме


Билдирменин формасы

п/п
Аты-жөнү

1
Илимий иштин аталышы

2
Илимий иштин багыты

3
Окуган жери, курсу

4
Дареги

5
Электрондук почтасы

6
Телефону/уюлдук телефону


Мисалы
п/п
Аты-жөнү
Мокоев Азис Идрисович
1
Илимий иштин аталышы
Валюта курстарына баа берүү үлгүсү
2
Илимий иштин багыты
Валюта курсу
3
Окуган жери, курсу
И.Раззаков атындагы КМТУ
Башкаруу жана бизнес институту
5-чи курс
4
Дареги
Бишкек шаары, Тынчтык проспектиси, 66
5
Электрондук почтасы
azis.mokoev@mail.kg
6
Телефону/уюлдук телефону
+996 312 96 00 00/+996 545 95 99 99

Мен, _____________________________ (Аты-жөнү көрсөтүлсүн), _____ тарабынан берилген (орган жана берилген күнү), №_____ паспорттун ээси, сынактын шарттары менен тааныштым жана ага толук макулмун. Сынакка өзүмдүн илимий ишимди сунуштоо менен анын аныктыгын тастыктайм жана үчүнчү жактардын автордук укугун сактоо жоопкерчилигин өзүмө алып, сынакта жеңишке жетишкен учурда, кандайдыр бир кошумча сыйакысыз Улуттук банктын илимий эмгекти эркин жарыялоосуна макулдугумду билдирем.



Колтамга

_______________
Күнү

_________________

Комментариев нет:

Отправить комментарий