понедельник, 11 января 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн «Миграция жана өнүктүрүү» темасындагы тренингдер өтүп жатат

Бүгүн 2015-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Миграция боюнча эл аралык уюму биргелешип ишке ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн «Миграция жана өнүктүрүү» темасындагы тренинг башталды.    

Тренингдин максаты, миграция процесстерин мамлекеттик деңгээлде башкаруу жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер үчүн окутуу тренингдерин уюштуруу боюнча 2015-жылдын 20-августундагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун келишиминин алкагындагы «Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы бардык жердеги миграция курамын кошуу боюнча ааламдашкан программа» долбоорун ишке ашыруу боюнча өтүүдө.
Тренинг 2016-жылдын 11-январынан март айына чейин өткөрүлөт. Тренингдер 4 баскычта «Миграция жана өнүктүрүү» темасында жүргүзүлөт. Ага региондук жана жергиликтүү мамлекеттик структуранын өкүлдөрү катышат.
Өткөрүлүүчү жай        : Бишкек шаары, Панфилов көчөсү № 237, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2-кабатындагы № 202 аудиториясы.








  

       

Комментариев нет:

Отправить комментарий