понедельник, 26 октября 2015 г.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы басып чыгарган Вестник журналы ЕАЭСтеги илимий мыкты мезгилдүү басылма деп табылды

2015-жылы «Вестник АГУПКР» жогорку билим берүү уюмдарындагы илимий басып чыгаруу жана профессионалдык билим берүү уюмдарынын «Евразиядагы жогорку окуу жай китеби» аталышындагы I Эл аралык конкурсунун лауреты жана I орун «Мыкты серия жана мезгилдүү басылма» номинациясына ээ болгон. Бул тууралуу атайын кат менен сынактын комиссиясынын төрагасы, профессор,  КИГИТ ректору, М.Петров атындагы фонддун негиздөөчүсү жана президенти В.А.Никулин билдирген.  

Эске  салсак, «Вестник АГУПКР» 2001-жылдан бери чыгат. Башкы редактору КРПМБА ректору Алмаз Насыров Турусбекович. Басылма төмөнкү багыттар боюнча: «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу», «Экономика жана бизнес»,  «Укук жана саясат», «Аймактык өнүктүрүү», «Коррупцияга каршы саясат»,  «Геосаясат», «Билим берүү», «Илимий турмуш» жарык көрөт.   
 Редакциялык кеңештин курамы Россиянын, Казакстандын, Турциянын атактуу окумуштуулары жана жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен камтылган.  




Комментариев нет:

Отправить комментарий