четверг, 29 октября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясына КЭРден Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин алдындагы Партиялык мектептин вице-президенти Сюй Вэйсинь делегация менен келди

2015-жылдын 28-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Кытай Эл Республикасындагы Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин алдындагы Партиялык мектептин вице-президенти Сюй Вэйсинь делегация менен келди.  

Эки тараптын жолугушуусунда Сюй Вэйсин айым Партиялык мектептпн иш-аракети жөнүндө айтып берди. Андан сырткары, КРПМБА менен Партиялык мектептин ортосунда кызматташтыкты орнотуп, тажрыйба алмашуу, изилдөө жана мамлекеттик кызматкерлерди бирге даярдоо тууралуу оюн билдирди.
 «Биз Мамлекеттик башкаруу академиясынын жүргүзүп жаткан иш-аракетине абдан кызыгабыз жана тажрыйба алмашууну каалайбыз. Өз кезегинде, силерди да Кытайга чакырабыз», - деди Сюй Вэйсинь.
Сөзүнүн аягында ал КРПМБАнын ректору Алмаз Насыровду партиялык мектепке барып ачык лекция окуп берүүгө чакырды.
КРПМБА ректору Алмаз Насыров академияда жана партиялык мектепте дагы мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо программасы бар экенин белгиледи. Ошондой эле өнөктөштүктөгү биргелешип иштөөчү курамды тереңден иштеп чыгууну жана «Жибек жолу экономикалык коридору» долбоорунун алкагында билим берүү, илимий жана маданий тажрыйбаны алмашуучу гуманитардык коридор түзүүнү сунуштады.   
 «Бизге мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин технологиялык дараметин жогорулатуучу жана илимий-билим берүүчү, изилдөөчү долбоорлорду биргелешип ишке ашырган тажрыйба керек», - деди Алмаз Насыров.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап билим берүү, илимий, изилдөөчүлүк иш-аракеттер жана маданий тажрыйба алмашуу максатындагы достук, кызматташтык Келишимин түзүүнү пландашты.








Комментариев нет:

Отправить комментарий