четверг, 15 октября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында жаштар лидерлиги боюнча кызыктуу лекция болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Карьера жана лидерлик борбору жаштар арасында лидерлик кылуунун сырларын ачып берүү максатында мыкты тажрыйбага ээ болгон Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Бакыт Эгембердиевди студенттер менен жолуктурду. Бакыт мырза студенттерге Кыргызстандагы жаштар саясатынын өнүгүшүнүн ийгилик сырлары, лидерлик тууралуу айтып берди.   

Жаштар менен биргеликте иш алып барууда мыкты тажрыйбага ээ болгон Бакыт Эгембердиев чет өлкөдө болгон иш-сапарлары жөнүндө сөз баштады.  
«Кытайга бир айлык иш-сапар менен барып калдык. Мен дароо эле калкынын саны көп кытай эли кантип өнүгүп жатканына кызыктым. Көрсө, алардын өнүгүп жатканынын эки гана сыры: бири мыйзам иштейт, президенттин айтканын угат, тартип бар. Экинчиси, ар бир кытай өз ишин 200 пайыз мыкты аткарат экен. Албетте, мындай өлкөдө сөзсүз өнүгүү болот», - деди Б.Эгембердиев.
Ошондой эле ал жаш муунга турмушта да, жумушта да керектүү болгон акыл-кебин айтып, өзүнүн буга чейинки башынан өткөргөн тажрыйбасы менен бөлүшүп кетти.
«Улуу кыргыз эли «акыл жаштан, асыл таштан» деп бекер айткан эмес. Жаштар жаңылык алып келүүчү күчкө ээ. Бирөөнү туурабай, жок нерседен бар кылып, демилгечи болгула. Алдыга улуу максат койгондон коркпогула. Өз эне тилиңерде сүйлөгөндөн уялбай, патриот болгула. Батыштын билимин, илимин, тажрыйбасын, тилин үйрөнгүлө. А бирок, идеологиясын албагыла, дилиңер кыргыз бойдон калсын!», - деди Бакыт мырза.
Лекциянын жүрүшүндө студенттер лекторго ыраазычылык билдирип, кызыктуу суроолорун узатышты.

Эскерте кетсек, бул багыттагы ар кыл кесиптин ээлери менен болгон жолугушуулар мындан ары да уланып турмакчы.  








Комментариев нет:

Отправить комментарий