пятница, 23 октября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдел Фондунун биргелешкен магистрдик программасында окугандар ай сайын стипендия алышат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдел Фондунун 2015-2016-жылдардагы биргелешкен магистрдик программасында окугандар ай сайын бериле турчу стипендияга ээ болушат.     

            Тактап айтсак, «Жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу» магистрдик программасында окугандар 2015-жылдын октябрь айынан декабрына чейин 5000 сом өлчөмүндө ай сайын стипендия алышат.  
            Ал эми 2015-жылдын январь айынан 2016-жылдын сентябрына чейин ошол эле «Жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу» магистрдик программасында окугандар төмөнкүдөй өлчөмдө стипендия ала башташат:

Жетишкендиги
Стипендиянын өлчөмү
«Канааттандырарлык эмес»
0 сом
«Канааттандыралык жана «Жакшы»
5000 сом
«Жакшы» жана «Мыкты»
6000 сом
«Мыкты» (баардык зачеттордон)
7000 сом

            Бир айда үч күндөн көп сабак калтыргандарга стипендия берилбейт. Сабакка келген катышуучуларды КРПМБА көзөмөлдөйт жана бул боюнча маалыматтын жыйынтыгын кат түрүндө Фондко жиберет. 
        Ошондой эле стипендия алгандар коомдук иштерге (кошумча семинарларга, конференцияларга, ишембиликтерге) активдүү катышуулары керек. Эгер сабак убагында ушундай иш-чаралар болуп калса, 1000 сомго чейин кошумча төлөп берүүлөр каралат.
            Стипендия ар бир айдын 5-числосуна чейин берилет.  





            

Комментариев нет:

Отправить комментарий