среда, 14 октября 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында «Диний экстремизм жана жаштар» деген темада дебат болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында 2015-жылдын 14-октябрь күнү 1-2-3-курс студенттердин арасында «Диний экстремизм жана жаштар» деген темада дебат болуп өттү. Дебатты академиянын илимдер департаменти уюштурду.

Дебаттын жүрүшүндө проректор Марина Олеговна катышуучуларга ийгиликтерди каалады.
«Буга чейин да биздин академияда ар кандай темада дебаттар уюштурулуп келген. Бүгүнкү «Диний экстремизм жана жаштар» темасына арналган дебатка мыкты даярдыкта келдиңер деп ойлойм. Баардык катышуучуларга ийгиликтерди каалайм», - деди М.Олеговна.
Дебатка төрт команда: «Мамлекет», «Жарандык коом», «Диний конфессия» жана «Оппозиция» катышты. Алар төмөнкү кырдаалдар боюнча: диний агымдардын көбөйүп баратканы, алардын көбөйүшүнө жол бербөө, дин сабаттуулугун күчөтүү, мечит-медреселерде түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү жана дин маселеси мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүшү тууралуу кызуу талкуу жүргүзүштү.  
Талкуунун жыйынтыгында 1-орунга «Мамлекет», 2-орунга «Жарандык коом», 3-орунга «Диний конфессия» жана 4-орунга «Оппозиция» командалары татыды. Алар окууларына керектүү болгон баалуу белектерге ээ болушту. 
Аталган талкууну уюштурган илимдер департаментинин башчысы Гүлдана Алыбаева жалпы студенттерге жана дебаттын катышуучуларына жылуу сөздөрүн айтты.
«Биздин студенттер теманын алкагында кызыктуу талкуу жүргүзүштү. Залда отурган угуучулар диний экстремизм боюнча керектүү болгон маалыматтарды алды деген үмүттөмүн. Дебаттын катышуучулары мыкты даярдыкта келишкенине баарыбыз күбө болдук. Мындан ары дагы академиядагы коомдук иштерге, ар кандай иш-чараларга активдүү катышкыла», - деди Г.Алыбаева.   





























  

Комментариев нет:

Отправить комментарий