четверг, 6 августа 2015 г.

КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров Жакынкы Чыгыш (TODAİE) жана Түркиянын Коомдук башкаруу Институтунун башкы директору Онур Эндер АСЛАН менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров Жакынкы Чыгыш (TODAİE) жана Түркиянын Коомдук башкаруу Институтунун башкы директору Онур Эндер АСЛАН, ошондой эле Жакынкы Чыгыш (TODAİE) жана Түркиянын Коомдук башкаруу Институтунун Жергиликтүү административдик маселелер боюнча изилдөө борборунун директору Асли Акай менен жолугушту.  


Жолугушууда эки тарап мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана Түркиядагы магистрдик окуу программасына бериле турчу квотаны кеңейтүү, кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты.  
Онур Эндер Аслан Жакынкы Чыгыш (TODAİE) жана Түркиянын Коомдук башкаруу Институтунда магистрдик 10 программанын бирөөсү англис тилинде жана PhD эки программасынын бирөөсү англис тилинде болоорун билдирди.
         КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров бул программаларга кызыкдар экенин билдирип, иш-чаранын планын биргелешип түзүүнү, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызматкерлерди Жакынкы Чыгыш (TODAİE) жана Түркиянын Коомдук башкаруу Институтунда MBA жана PhD программалары боюнча англис, түрк тилдеринде окутууну сунуштады.
Жолугушуунун соңунда эки тарап бири-бирине сувенир белектерин эстеликке беришти.



         

Комментариев нет:

Отправить комментарий