вторник, 11 августа 2015 г.

КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров жана БКМКнын төрагасы Рафик Мамбеталиев окутуу жана стратегиялык изилдөө аймактарындагы кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Рафик Мамбеталиев окутуу жана стратегиялык изилдөө аймактарындагы кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.  


КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров кызматтын эффективдүүлүгүн жогорулатыш үчүн комплексттүү билимди мамлекеттик башкаруу системасында, стратегиялык менеджмент жана изилдөө тармактарында колдонуш керектигин билдирди.
«Биз Кыргыз Республикасынын ийгилиги жана өркүндөшү үчүн жемиштүү кызматташабыз деп үмүттөнөбүз. Коомдун коопсуздугун, өнүгүшүн жана денсоолугун камсыз кылууда баңгизаттар менен күрөшүү эң маанилүү компонент», - деди А. Насыров.
Меморандумга кол коюу учурунда БКМКнын төрагасы Рафик Мамбеталиев ийгиликтүү кызматташтык болоорун билдирди. 
 «Биздин кызматкерлер өлкө жана эл үчүн эффективдүү кызмат көрсөтүү үчүн керектүү билим жана илим алаарына ишенебиз», - деди Р. Мамбеталиев.
Кызматташтык окутуу жана стратегиялык изилдөө аймактарында болоору көрсөтүлдү.










Комментариев нет:

Отправить комментарий