среда, 26 августа 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору А. Насыров «Мамлекеттик кызматкерлердин иш-аракетине баа берүү: Заманбап тажрыйба жана келечек» эл аралык конференцияны ачты

25-августта Ысык-Көл жергесинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров «Мамлекеттик кызматкерлердин иш-аракетине баа берүү: Заманбап тажрыйба жана келечек» эл аралык конференциясынын ачылыш аземине катышты.  


Конференция Астанадагы мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Регионалдык хаб, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы менен биргеликте уюштурулду.
«Мамлекеттик кызматты реформалоонун негизги максаты, жарандык коом жана мамлекеттин бекемдигин өнүктүрүүдө анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат», - деди А. Насыров.
Конференциянын алкагында мамлекеттик кызматкерлердин иш-аракетине баа берүү чөйрөсү менен тажрыйба алмашуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Түштүк Корея, АКШ, Литва, Латвия жана башка Батыш жана Түштүк-Чыгыш Азиянын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.   
Эске салсак, эл аралык конференция 25-26-августта Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жатат.






Комментариев нет:

Отправить комментарий