среда, 5 августа 2015 г.

МКжЭЧРА СБИ КРПМБАнын студенттерин 2 апталык стаж өтөөгө андан сырткары, «Шаардын экологиялык мейкиндигинин жана аймактардагы сейил бактардын өнүгүүсү» деген темадагы экологиялык форумга катышууга чакырат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын макулдашуусу алкагында МКжЭЧРА филиалы - Сибир башкаруу институту (МКжЭЧРА СБИ) студенттерди 2 апталык стаж өтөөгө (октябрь айында болуучу) андан сырткары, 2015-жылдын 2-4-октябрында Новосибирск шаарында боло турчу «Шаардын экологиялык мейкиндигинин жана аймактардагы сейил бактардын өнүгүүсү» деген темадагы экологиялык форумга катышууга чакырат.   


Билим алуу стаж өтөөсүндө студенттер кошумча билимге жана тажрыйбага ээ болушат, андан сырткары, Институттун инфраструктурасы жана билим берүү системасы менен таанышышат. Стаж өтөө убагында алар МКжЭЧРА СБИде өткөрүлчү илимий семинарларга жана конференцияларга катышат.
2 апталык стаж өтөө, жашаган жер акысыз, ал эми тамак-аш жана барып-келген самолеттун чыгымын студенттер өздөрү төлөшөт.
Бул тууралуу кенен маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылыңыздар: 62-19-00,  62-29-22.



Комментариев нет:

Отправить комментарий