среда, 26 августа 2015 г.

Мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров жана Мамлекеттик башкаруу аймактарындагы Азия ассоциациясынын президенти П.Ким кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту

25-августта Ысык-Көл жергесинде Мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров жана Мамлекеттик башкаруу аймактарындагы Азия ассоциациясынын президенти П.Ким кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.  


  Меморандумда илимий-изилдөө жана мамлекеттик башкаруу аймактарында билим берүү программаларынын багытындагы долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу каралган.
 КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров азыркы учурдагы тез өзгөрүлүп жаткан геосаясый шарттарда мамлекеттик бийлик органдарынын алдына мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы талаптарды коерун белгилеп кетти.
«Биз өзүбүздүн шартыбызга ылайыкташтырып эл аралык тажрыйбаны мамлекеттик кызмат аймактарында максималдуу колдонушубуз керек», - деди А.Насыров.
Мамлекеттик кызмат аймактарындагы Азия ассоциациясынын президенти Пан Ким жемиштүү кызматташтыктагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы көтөргөн актуалдуу теманын ишенимдүү экенин белгиледи. 
«Мен мамлекеттин алдында турган көйгөйлөрдү чечүүдө Мамлекеттик башкаруу Академиясы сунуштаган эффективдүү жана оптималдуу чечимге ишенем», - деди П.Ким.



Комментариев нет:

Отправить комментарий