среда, 12 августа 2015 г.

КРПМБАнын ректору Алмаз Насыров менен Жакынкы Чыгыш (TODAIE) жана Түркиянын Коомдук башкаруу Институтунун башкы директору Онур Эндер Аслан кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров менен Жакынкы Чыгыш (TODAIE) жана Түркиянын Коомдук башкаруу Институтунун башкы директору Онур Эндер Аслан кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.


           Жолугушууда эки тарап ушул жылдын күзүндө Түркия Республикасына болгон сапарда Кыргызстандын атынан бара турчу делегация Түркиянын жергиликтүү административдик иш-аракети менен таанышуу үчүн бараары талкууланды. Делегациянын курамында Президенттик Аппараттан 1 өкүл, КРПМБАдан 2 өкүл жана 41 аким (жалпы 44 адам) бар. Аслан мырза TODAIE делегациянын жол киреге кеткен чыгымдарын камсыз кыла турганын билдирди.     
  Андан сырткары, мамлекеттик башкаруу аймактарында кызматташуу үчүн Борбордук Азия Ассоциациясын түзүү жөнүндөгү маселелер макулдашылды. Бул Ассоциацияга алты өлкөнүн: Азербайжан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Таджикстандын мамлекеттик мекемелери кирээри чечилди.   
Ага кошумча, эки тарап семинарларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу үчүн КРПМБАга TODAIEден келе турган лекция окуучу тууралуу талкуулашты. Ошондой эле англис тилиндеги MPA жана Ph.D программаларына Кыргызстан үчүн квотага 10 адам бекилгенин баса белгилешти.
Аслан мырза КРПМБАнын ректору Алмаз Насыровду ушул жылдын сентябрь же октябрь айларында TODAIEга атайын сапар менен барышын чакырды.   
Меморандумга кол коюу иш-чарасы КРПМБАда болуп өттү.



Комментариев нет:

Отправить комментарий