четверг, 26 мая 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында жогорку окуу жайлар арасында уюштурулган жаш изилдөөчүлөрдүн II илимий-практикалык конференциясы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги» темасында жогорку окуу жайлар арасында жаш изилдөөчүлөрдүн II илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.



Конференция 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын мартына чейин Кыргызстанда өткөн докладдар сынагынын жыйынтыктоочу иш-чарасы катары өткөрүлдү.
Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлардан жаш изилдөөчүлөр, студенттер жана окутуучулар, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Сынактын жана конференциянын максаты – болочок башкаруучулардын көңүлүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына, көйгөйлөрүнө жана келечегине буруу.







Конференцияда талапкерлердин мыктыларына диплом, планшеттер, фотоаппараттар жана электрондук китептер түрүндө баалуу сыйлыктар тапшырылды. 
Конференцияны Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу алдында «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик уюштурду.



Комментариев нет:

Отправить комментарий