суббота, 7 мая 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясы согуш ардагерлерине белек тапшырды

Бүгүн, 2016-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 71 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун 15 ардагери конок катары чакырылды.  




Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров ардагерлерди жана салтанаттын катышуучуларын келе жаткан Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.

«Урматтуу ардагерлер, кесиптештер жана студенттер, биз бүгүн жыл сайын салтка айланган – согуштун ардагерлерине көңүл буруу максатында уюштурулган салтанатка күбө болуп жатабыз. Ардактуу согуштун ардагерлери кайнаган согуш талаасында баштарынан оор күндөрдү өткөрүп, бизге бүгүнкүдөй жарык жашоону, тынчтык күндү тартуулашты. Мен жалпы жамаатымдын жана жаштардын атынан бардык согуш ардагерлерин 9-май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, бекем ден-соолук каалайм. Ар дайым өлкөбүздө тынчтык, ачык асман жана гүлдөп-өсүү болсун», - деди ректор Алмаз Насыров.
Салтанаттын жүрүшүндө академиянын ректорунун жана жамаатынын атынан согуштун ардагерлери үчүн атайын даярдалган белектер тапшырылып, студенттер тарабынан уюштурулган концерттик программада жалаң согуш тууралуу номерлер аткарылды.  








Ошондой эле согуш ардагерлеринин атынан Култанова Анна Алексеевна сөз сүйлөп, студенттерге согуш тууралуу кыскача маалымат айтып өттү.
«Согуштун бүткөнүнө 71 жыл болду, ар бир жылы Улуу Жеңиш күнүн белгилөө өтө маанилүү жана зарыл. Анткени, тарых жок, өткөн күндөр жок, келечек курулбайт. Силер өзүңөрдүн тарыхыңарды билишиңер керек. Согуш жылдарында миллиондогон адамдар курман болушту. 40 градус сууктан, ачкачылыктан бир мүнөттүн ичинде бештен адам көз жумуп атты. Ошондой оор күндөрдүн аркасы менен 1945-жылдын 9-майында жаркыраган Улуу Жеңишке жетиштик. Азыркы жаш муун биз көргөн согушту эч качан баштарынан өткөрбөсүн. Тынчтык, бакубат өмүр сүргөн өлкөдө жашагыла!», - деди согуш ардагери Анна Алексеевна.   

Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик башкаруу академиясы 9-май Улуу Жеңиш майрамына арналган масштабдуу иш-чаралардын бири - «Биз миллиондогон панфиловчуларбыз» эл аралык эскерүү Вахтасын өткөргөн. Ал эми 9-май күнү академиянын жамааты «Өлбөс полк» акциясына катышат.     









Комментариев нет:

Отправить комментарий