среда, 11 мая 2016 г.

Мамлекеттик башкаруу академиясында «Жаш илимпоз - 2016» аталышындагы жаштардын VI илимий форуму өтөт

Эртең, 2016-жылдын 12-майында Тарых жана маданият жылынын алкагында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Жаш илимпоз - 2016» аталышындагы жаштардын VI илимий форуму: «Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөө» темасында өтөт.  

Аталган форумду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университети биргеликте уюштурууда.
Форумдун максаты – студенттер, жаш окумуштуулар, эксперттер, мамлекеттик мекемелер жана бейөкмөт уюмдардын ортосунда ачык талкуу өткөрүү, этностор аралык мамилелердеги мамлекеттик саясаттын келечеги жана жыйынтыгы боюнча практикалык сунуштардын негизинде форумдун резолюциясын чыгаруу болуп саналат.

Массалык маалымат каражаттарын форумга катышууга чакырабыз.  

Форум өтө турган жайдын дареги: Бишкек шаары, Панфилов көчөсү 237, Мамлекеттик башкаруу академиясынын 1-корпусу, № 400 аудиториясы.
Сурап билүү тел: 62-44-42









Комментариев нет:

Отправить комментарий