воскресенье, 22 мая 2016 г.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына арналган үч күндүк тренинг жыйынтыкталды

2016-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Ханнс Зайдель Фонду менен биргелешкен магистрдик программасынын магистранттары үчүн өткөрүлгөн «Бавариянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы» деген аталыштагы үч күндүк тренинг жыйынтыкталды.  

Тренингдин максаты – Бавариянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы менен таанышуу, мамлекеттик муниципалдык кызматкерлердин дараметин өнүктүрүү болгон.
Үч күн бою тренингди жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында 20 жылдык тажрыйбасы бар Бавария Мамлекеттик башкаруу жана укуксоту академиясынын доценти Нейбауер Рюдигер мырза окутту.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар Германиянын анын ичинде Бавариянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тууралуу кенен маалымат алышканын билдиришти.

«Биз буга чейин деле ЖӨБ органдарынын бир нече моделдерин окуп, үйрөнүп келгенбиз. Бул жолу Германия, Бавария мамлекеттеринин түзүлүшү, област, район, айыл өкмөттөрүнүн жүргүзгөн иштери, саясаты, экономикасы тууралуу толук түрдө маалымат алууга жетиштик. Эң негизгиси ал жакта мыйзам иштеп, жергиликтүү элдер айыл өкмөтүн өнүктүрүүгө болгон аракеттерин жумшашат экен»,- деди тренингдин катушуучусу Рустамаалы Асанбаев.
Тренингдин жыйынтыгында баардык катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды. Катышуучулар ушул тренинг аркылуу Бавариянын өзүнө барып келгендей таасир алышканын баса белгилешип, тренингдин уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришти.














Комментариев нет:

Отправить комментарий