вторник, 21 июля 2015 г.

КРПМБАда Социалдык фонддун жарым жылдык иш жыйынтыгы тууралуу отурум болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында Вице-премьер-министрдин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармасынын кеңейтилген отуруму болуп өттү. Отурумда Социалдык фонддун 2015-жылдагы биринчи жарым жылдык иш жыйынтыктары көрсөтүлдү.  


Отурумду Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев ачып берип, соцфонддун жүргүзүп жаткан иштери жана пенсиянын жогорулашы тууралуу маалымат берди.
«Социалдык фонддун негизги милдети - пенсионерлерди жетиштүү деңгээлде пенсия менен камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө мамлекетибизде төлөнүп жаткан пенсиялардын деңгээли жетиштүү деп айтуудан алыспыз. Ошого карабастан, пенсия өлчөмү жыл сайын өсүп келатат. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап, эмгек стажысы жогору болгон пенсия алуучуларыбыздын жана 1-топтогу майыптардын пенсиясын 500 сомго, калган баардык пенсия алуучулардын пенсиясын 250 сомго жогорулатуу каралып жатат», - деди М.Абулгазиев.
Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Соцфонддун ишиндеги кемчиликтерди жана артыкчылыктарды баса белгиледи.
«Бүгүнкү күндө Социалдык фонд аркылуу бир топ керектүү иштер жүргүзүлүп жатат. Конституцияда жана башка мыйзамдарда жазылгандай, пенсионерлердин адилеттүүлүк түрдө чектелген пенсиясын убагы менен бир жылда 2 жолу көбөйтүп келе жатышат. Мындай ишке элибиз да, бийлик да, өкмөт дагы жакшы деңгээлде баа берет.  Бирок, 2014-жылдын жыйынтыгын караган кезде, планды аткарбаган район жетекчилери көргөзүлгөн. Быйылкы жарым жылдыкты карасак деле, ошолор кайра кайталанып жаткан сыяктуу. Ишин аткарбаган жетекчилер бир коллегиядан экинчиге өтө бербестен, аларга чечкиндүү чаралар кабыл алынышы керек. Кыргыз өкмөтү сиздердин ишиңиздерге канааттандыраарлык деген баа берүү менен кемчиликтерди жоюп ийгилик жаратаарыңарды күтөбүз»,- деди Вице-премьер-министр Д.Ниязалиева.  

Отурумга жалпысынан Социалдык фонд Башкармалыгынын мүчөлөрү, Социалдык фонддун борбордук аппаратынын кызматкерлери катышып, аткарган иштеринин жыйынтыктарын айтып беришти.  









Комментариев нет:

Отправить комментарий