понедельник, 20 июля 2015 г.

2016-2017-окуу жылына карата КРПМБАнын магистратурага тандоо боюнча кулактандыруусу

Күндүзгү жана дистанттык окутуу формалары:
Багыты:
580900 «Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу»
Программалары:
 «Мамлекеттик саясат жана башкаруу»;
 «Мамлекеттик башкаруу жана саясий технологиялар”;
 «Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу»;
 «Социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик башкаруу»;
 «Электрондук башкаруу жана  мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруудагы маалымат-байланыш технологиялары”

Багыты:
580100 «Экономика»
Программалары:
 «Экономикалык саясат жана туруктуу өнүгүү»;
 «Финансы жана кредит”;
 «Эсеп, талдоо жана аудит».
Багыты:
580200 «Менеджмент»
Программалары:
 «Мамлекеттик-жеке шериктештик»;
 «Иштиктүү башкаруу «(МВА)»;
 «Конфликттик кырдаалдарды башкаруу».
 Ханнс-Зайдель фонду менен кызматташтык
КРПМБА Ханнса-Зайдель фонду менен кызматташтык чегинде биргелешип, магистрдик программасынын күндүзгү окутуу формасына төмөнкүдөй программалар боюнча окууга кабыл алышат:
v 580900 «Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу» багыты:
 «Мамлекеттик башкаруу» программа (окутуу Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлөт);
 «Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өзүн-өзү башкаруу» программасы (окутуу Бишкекте болот) – окуу формасы: күндүзгү;
v 580200 «Менеджмент» багыты (дистант):
 «Менеджмент» программасы.
Эки дипломдуу программа
КРПМБА  Балтика мамлекеттик техникалык университети (Военмех) менен (Санкт-Петербург шаары, РФ) “Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу”; “Менеджмент” жана “Персоналдарды башкаруу” багыттары боюнча эки дипломдук программаны алып барат. Окууга тапшыруунун шарттары Академиянын блогунда жайгаштырылган. 
Окутуу мөөнөттөрү:
v күндүзгү форма (үчүнчү нөөмөт 18.20дан башталат)  – 2 жыл,  «Мамлекеттик саясат жана башкаруу»  программасы боюнча  – 1,5 жыл; «Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өзүн-өзү башкаруу» - 1 жыл (иштен ажыратылган);
v дистанттык  форма – 2,5 жыл.
Окутуунун баасы: 46000 сом/ жылына.
        КРПМБАда магистрдик программанын күндүзгү окуу формасында бюджеттик негизде бир гана “Мамлекеттик жана муниципиалдык  башкаруу” 580900 багыты боюнча окууга кабыл алынат. 
Окууга кирүү үчүн документтер:
КРПМБАнын ректорунун атына жазылган арыз (бланкада);
Бакалавр же адистик алгандыгы тууралуу диплом ;
  3х4 өлчөмүндөгү 6 фотосүрөт;
Паспорт.
Бюджеттик негизде программага тапшыргандар үчүн кошумча маалымат:
-     иштеген жеринен жетекчиден багыттоочу кагаз /мамлекеттик органдардын статс-катчысынан жана областтык, райондук администрациясынын же алардын аппараттарынын жетекчилеринен мүнөздөмө-жолдомо талап кылынат;
-     иштеген жеринен үзгүлтүксүз эмгек стажын тастыктаган маалым кат;
-     кадрлар бөлүмүнөн бекитилген эмгек китепчесинин көчүрмөсү (арыз берген учурда мамлекеттик же муниципиалдык кызматта иштеши керек);
-     абитуриенттин негизделген каты;
-     резюме/таржымалы.

        Сиздер КРПМБАнын магистрдик программасына кабыл алуунун эрежелери тууралуу толук түрдө маалымат аламын десеңиздер, анда Академиянын социалдык тармагынын беттеринен жана блогунан таанышсаңыздар болот:
agupkr.blogspot.com



Комментариев нет:

Отправить комментарий