среда, 29 июля 2015 г.

Академиянын кызматкерлери «Жарандардын коопсуздугун уюштуруу боюнча» буйрук менен таанышып чыгышты

2015-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын кызматкерлери «КРПМБАнын 2015-жылдагы жарандардын коопсуздугун уюштуруу боюнча» буйругу менен таанышуу үчүн атайын отурумга чогулушту.


КРПМБАнын ректору Алмаз Насыровдун 2015-жылдын 22-июлунда № 3/224 чыгарган буйругу Кыргыз Республикасынын «Жарандардын коопсуздугу жөнүндөгү» (2009-жылы 20-июлда №239) мыйзамынын негизинде чыкты. Андагы №1 бөлүмдөгү №№13, 14, 15, 16 статьялардын талабы «Шаардын райондорунда, (шаарда) жана элдик чарбанын өндүрүш обьектилеринде жарандардын коопсуздугун уюштуруу боюнча үгүт иштерин иштеп чыгуу», андан сырткары, окутуучуларды, техникалык персоналдарды жана КРПМБАнын студенттерин өзгөчө кырдаалда пайда болгон коркунучтардан коргоого шайкеш келет.
         Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө катышуучулар буйрукта көрсөтүлгөн жарандардын коопсуздугу штабынын курамындагы мүчөлөр кимдер экенин, алардын аткарган функциялары, иштөө тууралуу пландары жана Жобо менен кененирээк таанышып чыгышты.   








Комментариев нет:

Отправить комментарий