вторник, 30 августа 2016 г.

Эгемендүүлүк күнүнүн 25 жылдык салтанатына карата мамлекеттик кызматчылар «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланышты

Бүгүн, 2016-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 25 жылдык салтанатына байланыштуу мамлекеттик кызматчыларды «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйлады.  






Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев сыйлык ээлерине «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгисин тапшыруу менен бирге куттуктоо сөзүн айтты.


«Урматтуу кесиптештер, сыйлыгыңыздар кут болсун! Сыйлык силердики болсо, сыймык биздики дейт кыргыздар. Мындан ары да мамлекетибиздин гүлдөп-өсүшүнө, экономикасынын өнүгүшүнө, кыргыз элинин жашоо-турмушунун оңолушуна болгон күч-аракетиңиздерди, билимиңиздерди жумшайсыздар деген ишеничтемин», - деди Н.Момуналиев.






Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров мамлекеттик кызматчыларды эртеңки Эгмендүүлүк майрамы менен куттуктады.


«Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, мен да өзүмдүн жамаатымдын атынан баарыңыздарды Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм! Биз кичинекей мамлекет болсок дагы, тарыхыбыз, бекем мамлекетибиз бар. Ушундай бактылуу өлкөдө сиздер өтө жоопкерчиликтүү кызматты аркалап келесиздер. Бүгүнкү алган сыйлыгыңыздар кут болсун, өлкөбүздүн өнүп-өсүшүнө салымыңыздарды кошуп, ийгиликтерди жарата бериңиздер!», - деди А.Насыров.






  





Комментариев нет:

Отправить комментарий