вторник, 9 августа 2016 г.

КРПМБАда Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган Тарыхый баа жана илимий-методологиялык колдонмонун метариалдары долбоорунун жыйынтыгын чыгарган тегерек стол болуп өттү

2016-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында белгилүү тарыхчы, окумуштуулардын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жумушчу тобунун 1916-жылдагы окуяларга баа берүү иштеринин жыйынтыктарын талкуулаган тегерек стол болуп өттү.   



Тегерек столду Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондусунун башкармасынын төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин ачып, бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чаранын максаты, милдеттери тууралуу айтып берди.



КР Президентинин аппарат башчысынын орун басары М.Карыбаева бул иш-чара Президент Алмазбек Атамбаевдин «1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.


«2015-жылдын ноябрь айында 1916-жылдагы окуяларга баа берүү ишин иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жумушчу тобу окумуштуу-тарыхчылардын курамынан түзүлгөн. Жумушчу топтун архивдик документтердин негизинде жүргүзгөн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары Кыргызстанды өнүктүрүүгө салымын кошот деген ишеничтебиз», - деди М.Карыбаева.      


Иш-чаранын жүрүшүндө: «Биз Совет доорунда тыкыр изилденип жазылып, илимий конференцияларда корголуп келген илимий монографияларды ошол көз карашта андан ары улантып, архивдерден чогулган жаңы материалдарды тарыхый маалыматтарга келтирип, 100 жылдыкта элдер 1916-жылы кандай окуя болгондугун кыскача китептен окуп, билсин деген максатта ушул долбоорду даярдап чыктык», - деди тарыхчы К.Молдокасымов.  



Тегерек столдун алкагында катышуучулар 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш боюнча изилденген илимий-методологиялык колдонмонун материалдары китепчеси менен таанышып чыгышты.
Кызуу талкуунун жүрүшүндө тарыхчылар 1916-жылдагы окуяга байланышкан терминдер, фактылар боюнча ар кандай сунуштарды айтып, долбоордун авторлоруна ийгилик каалашты.
    




Комментариев нет:

Отправить комментарий