четверг, 9 февраля 2017 г.

Тилдер кафедрасынын  2017-жылдын  9-февралында өткөрүлгөн “Кыргыз дүйнөсүн таануунун зарылдыгы эмнеде?” деген темадагы семинар-маеги   боюнча

2017-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн Тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган “Кыргыз дүйнөсүн таануунун зарылдыгы эмнеде?” деген иш-чаранын сценарийи
1. Саламдашуу сөзү: Тилдер кафедрасынын башчысынын м.а., филол.илимдеринин кандидаты Г.Б.Урусова  семинардын модератору катары иш-чараны алып барды.

2. Семинар-маекти ачып берүү үчүн сөз кезеги КРПМБАнын дистанттык окуу программасынын жетекчиси А.К.Эргешовго берилип, ал КРПМБАнын 25 жылдык мааракесине жана Президентибиздин Жарлыгына ылайык “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата өткөрүлүп жаткан иш-чара тууралуу куттуктоо сөзүн сүйлөдү. 

3. “Умай Эне – Кут Ордо” коомдук фондунун төрайымы Жороева Салима “Эне, бала жана бешик ыры” долбоорунун негизинде “Кыргыз дүйнөсүн таануунун зарылдыгы эмнеде?” деген темада баяндама жасады. Баяндамада негизинен этнопедагогиканын, башкача айтканда, эл наркы, салттуу музыканын негизинде бала тарбиялап, билим сапатын көтөрүү тууралуу сөз болду. 
4. “Умай Эне – Кут Ордо” коомдук фондунун мүчөсү, Кыргыз эл акыны өзүнүн сөзүндө кыргыз элинин маданияты бүгүнкү күндө кандай, элдин аң-сезимин өстүрүүнүн жолу, өз тарыхын, көркөм адабиятын, акындар дүйнөсүн таанууга жасаган эмгектери, элдин келечеги тууралуу айтып өттү.

5.  “Умай Эне – Кут Ордо” коомдук фондунун мүчөсү, белгилүү тарыхчы, “Санжыра” борборунун директору Оморов Асыкбек Мамбетахунович кыргыз элинин тарыхы, анын келечеги тууралуу даярдалган презентациясы менен кызыктуу, маанилүү баяндама жасады.
6. “Умай Эне – Кут Ордо” коомдук фондунун мүчөсү, белгилүү кыргыз элинин кол өнөрчүсү, ууз чебер Өскөнбаева Тотукан өзүнүн колунан чыккан, кыргыз элине таандык буюмдарынан көргөзмө уюштуруп, өзүнүн жасаган буюмдары тууралуу баяндап берди.
7.  “Умай Эне – Кут Ордо” коомдук фондунун мүчөсү, белгилүү кыргыз элинин кол өнөрчүсү, ууз чебер жана Баатыр эне Тойалиева Салия өзүнүн колунан чыккан, кыргыз элине таандык буюмдарынан турган көргөзмө уюштуруп, өзүнүн жасаган буюмдары тууралуу баяндап берди.

8. Манасчы Асыкбеков Жаабарс “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып берди.
9. Семинардын аягында студенттердин кызыккан суроолоруна  “Умай Эне – Кут Ордо” коомдук фондунун мүчөлөрү жооп беришти. 


Комментариев нет:

Отправить комментарий