понедельник, 21 ноября 2016 г.


Республикалык көркөм окуу сынагында баш байгени КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти Ажыбек Турумбеков алды.
Бишкек шаарындагы жогору жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын ичинен тандалып алынган 28 катышуучу 18-ноябрда республикалык көркөм окуу сынагында таймашты. Сынак К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык  университетинин концерттик залында өттү.


Эл-жер, мекен, тарых, тил, эгемендик сыяктуу жана башка мекенчилдикке үндөгөн темадагы чыгармаларды көркөм окуган сынактын катышуучуларынын аткаруучулук чеберчилигин, дикциясын, мазмунга ылайык туюндуруу жөндөмүн,  көркөм текстти тандоодогу өзгөчөлүүлүгүн, сахнада өзүн алып жүрүүсүсүн, адабий тилдин нормаларын сактоосун,  сценалык костюмун, башкача айтканда дараметин ар тараптан баалап, калыс баа берүү үчүн  КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, акын Э.Аттокуров, Кыргыз Драм театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы, жазуучу А.Темирова, КР Эмгек сиңирген артисти Н.Мамбетова, КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, жаш акын Б.Жамгырчиев сыяктуу адабияттын, көркөм өнөрдүн өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу түзүлгөн. Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөндө көрсөтүлгөн катышуучулар жеңишке жетишти.

Баш байгени КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы студенти Ажыбек Турумбеков алды.

Ал эми 1-орунду Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Гундуз Юсуф, 2-орунду Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин студенти Жанара Кайрат кызы ээледи. 3-орунду болсо К.Карасаев атындагы БГУнун студенти Гүлжан Камчыева алды.

Комментариев нет:

Отправить комментарий