пятница, 23 сентября 2016 г.

КРПМБАда Кыргыз тили күнүнө карата салтанаттуу майрам болуп өттү

Бүгүн, 2016-жылдын 23-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясында “Мамлекеттик тил күнүнө” студенттер тарабынан арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Болуп өткөн программанын ачылышы Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды.
Мааракеде Тилдер кафедрасынын башчысы Урусова Г.Б. куттуктоо сөзүндө Кыргыз тилинин маанилүүлүгүн айтуу менен бирге “Кыргызстандын келечеги мамлекеттик тилде жана мамлекеттик тилдин келечеги Кыргызстандын жаштарында”, - деп белгиледи.

Студенттер даярдаган майрамдык программада ар түрдүү аткаруулар сунушталды. 3-курстун студент кыздары Субанкулова Нурзат жана Мурзалиева Зарина “Кыргыз бийин” тартуулашты, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда 1000-комузчунун катарындагы 2-жана 3-курстун кыздары Маматова Айкөкүл жана Анарбекова Акылай “Маш Ботой” комуз күүсүн аткарышты.  3-курстун студенттери Ачыкова Керемет жана Суйналиева Нургул Кыргыз тил күнүнө арналган ырларды көркөм окуп беришти. Программа акыл оюну жана кыргыз тилине арналган көрүнүш менен аякталып, бүгүнкү салтанатты II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ыктыярдуу мүчөсү Матмусаева Акылай  алып барды.


Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш чара Академиянын Карьера жана лидерлик борбору тарабынан уюштурулду.    

Комментариев нет:

Отправить комментарий