среда, 24 февраля 2016 г.

Эссе конкурсу



2016 – жылдын 12 февралында КРПМБАда ,мамлекетибиздин тарых жана маданият жылын чагылдыруу менен, 1 курстун  студенттери арасында « Менин өлкөм – менин сыймыгым»   темасында , англис тилинде Эссе-таймаш өткөрүлдү. Эссе-таймаш тилдер кафедрасынын ага окутуучусу Дюшенова Майрам Саламатовна тарабынан уюштурулуп жетекчиликке алынды. Эссе-таймаш жогорку уюшкандыкта өттү

Бул иш чаранын негизги максаты, чет тилинде эң жогорку жазуу ыкмага ээ, логикалык ой жүгүртүүсү жогору, мекенди таанып-билүүсү кенен, жогорку патриоттук сезимге ээ студенттерди иликтеп жеңүүчүлөрдү аныктоо болду. Ошондой эле жеңүүчүлөргө келерки окуу жайлар арасында чет тилинде өткөрүлө турган иш чараларга мүмкүнчүлүк түзүү максаты камтылды. Эссе-таймаштын жеңүүчулөрүн акыйкат аныкташ үчүн атайын комиссия түзүлдү. Эссе-таймашты тилдер кафедрасынын башчысы Урусова Г.Б. ачып, катышуучуларга өз каалоосун билдирди. Аталган иш чараны уюштурууда жана өткөрүүдө тилдер кафедрасынын менеджери Базаркулова Э.Ш.чоң көмөк көрсөттү.Эссе-таймаш 1,5 саат убакытка созулду. Комиссия мүчөлөрү Сатарова А.Ы., Омурзакова М.К. жана Дюшенова М.С. жоопкерчилик мамиле менен, коюлган талаптар боюнча баалап жыйынтыгын чыгарышты. Ошентип  1 курстун студенттери арасынан: 1 орунга Тиленбаева Нагима (ГМУ-2-15гр), 2 орунга Шерикбаева Толгонай(ГМУ-1-15гр), 3 орунга Музуратбекова Ибарат(БУАГУ-1-15гр)татыктуу болушуп, КРПМБАнын ЖБМ жана тилдер кафедрасы тарабынан сертификаттар ыйгарылды. Ал эми 5 студент талаптар боюнча номинацияларга, ал эми калган студенттер активдүү катышуучулар сертификаттарына ээ болушту.Чет тилинде Эссе-таймаш өткөрүү саамалыгы Академияда алгачкы жолу өткөрүлгөндүктөн, студенттердин чоң кызыгуусун, шыктануусун жаратты. Кийинки окуу жылында бул саамалык дагы кеңейтилип, сапаттык жана сандык көрсөткүчтөргө жетүүсүнө ишенич бар.



Комментариев нет:

Отправить комментарий