Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик
башкаруу академиясынын студенттик жашоосунда шоу программадагы «Мисс КРПМБА» сулуулар
сынагы болуп өттү. Сынак Бишкек парк эс алуу борборунда уюштурулду.
Иш-чарага бардыгы
болуп академиянын 12 студенти катышты. Сынактын шарты боюнча катышуучулар:
дефилье, улуттук кийим, кечки көйнөк, өз өнөрүн көрсөтүү, интеллектуалдык
суроо-жооп боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен «КРПМБА Мисси»
- 1-курстун студенти Айтолкун Чыныбековага ыйгарылды.
Ал эми 1-вице мисс – Айжан Мелсбековага, 2-вице мисс –
Бермет Маразыковага берилди.
Бул иш-чара катышуучулардын сулуулугун гана аныктабастан,
ар бир бийкечтин талантын, актерлук чеберчилигин, аң-сезимин, билимин
текшерген, ошондой эле ар тараптуу өнүккөн адам катары өзүн көрсөтө алганга мүмкүнчүлүк болгонун далилдеди.
Бардык катышуучулар күчтүү даярдыкта келгендигин калыстар
тобу баса белгиледи. Сынактын аягында катышуучулар: Көрүүчүлөрдүн купулуна
толгон мисс, Грация мисси, Жарашыктуу жылмаюу мисси, Мыкты артисттик чеберчилик
мисси, Интеллект мисси, Ажарлуу мисс, Таланттуу мисс, фитнес мисси номинацияларына
ээ болушуп, сыйлыктар менен сыйланышты.
Комментариев нет:
Отправить комментарий