Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу
академиясында Тарых жана маданият жылына карата белгилүү даанышман, ойчул акын Жусуп
Баласагындын 1000 жылдык мааракесине
арналган “Жусуп Баласагын – 1000 жашта” деген аталышта көркөм
адабий-музыкалуу кече болуп өттү.
Иш-чарада студенттер Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастанынан
алынган үзүндүлөрдү көркөм окуу боюнча таймашышты.
Жыйынтыгында, ГМУ-5-15 тайпасынын студенти Самудинова
Гүлзара 1-орунду, ЭПУР-1-15 тайпасынын студенти Атабекова Алина 2-орунду, ЭПУР-1-15
тайпасынын студенти Айбекова Гулина 3-орунду жеңип алышты.
Ал эми кеченин дубал гезиттер сынагында УГС-1-15 тайпасы 1-орунду,
ГМУ-3-15 тайпасы 2-орунду, ЭПУР-1-15 тайпасы 3-орунга ээ болушту. Жеңүүчүлөргө калыстар
тобу грамоталарды тапшырышты.
Аталган иш-чараны КРПМБАнын Тилдер кафедрасынын
башчысынын милдетин аткаруучу Г.Б.Урусова, улук окутуучу Н.М.Осмонова жана китепкана
башчысы Г.Д.Токтобекова уюштурушту.
Комментариев нет:
Отправить комментарий