четверг, 25 июня 2015 г.

КРПМБАнын «Ак-Толкун» пансионатынын ачылыш аземи болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясына караштуу «Ак-Толкун» пансионатынын  жайкы сезонго карата ачылыш аземи болуп өттү.
Пансионаттын ачылыш аземине атайын Бишкек шаарынан Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу иш башкармасынан өкүлдөр, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын жамаатынан чакан топ атайын делегация болуп барышты. Андан сырткары, ачылыш аземдин сыйлуу коноктору катары Ысык-Көл районунун жетекчилери жана урматтуу аксакалдар катышты.  
 Аземдин жүрүшүндө Ак-Толкун пансионатынын директору Мелис Чакибаев жалпы конокторду жайкы сезондун ачылышы менен куттуктап, көнүлдүү эс алуу каалады.
«Жаркыраган пансионаттын ачылыш аземине кош келипсиздер! Мен бүгүн абдан кубанып турам. Биз быйыл кардарларыбызды жакшы шарттар менен тейлейбиз. Ар бир кардар мыкты эс алып, бизге ыраазы болот деп ишенип турабыз. Жалпыңыздарды «Ак-Толкунга» келип эс алып кеткиле деп чакырам», - деди М.Чакибаев.
Маалымат катары айтып кетсек, «Ак-Толкун» пансионаты 8 кабаттуу корпус.
 27 - «Люкс» номерлери, 25 жарым «Люкс» номерлеринде баардыгы болуп 117 орун каралган.
Стандарттуу номеринде: 1 бөлмөлүү номер, эки башка керебеттер, телевизор, муздаткыч, муздак жана ысык суусу менен санузел.
«Люкс» номеринде: спутник антеннасы менен телевизор, муздаткыч, муздак жана ысык суусу менен санузел. Эки бөлмөлүү номерлер жана «Люкс» тибиндеги номерлерде мебелдер, джакузи бар.
 Тамак-ашы: Үч маал комплекстүү тамактануу. Комплекстүү тамактануудан сырткары, кечкисин башкы-ашпозчунун фирмалык тамагына заказ кылса болот.
Түзүлүшү:
Акысыз: кичинекей балдардын аянттары жана спорттук аянттар.
Акы төлөйт: DVD-залга, бильярдга, стол теннисине, оюн автоматтарына, компьютердик клубка, интернетке, диско-клубка, кафе-барга.
Пляж акысыз, жолдон жээкке чейинки аралыгы 500 метр.
Көл жээгинде скутер, катамаран, теплоход, «банан» жана башка суу аттракциондору бар.
  




Комментариев нет:

Отправить комментарий