Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясында «Кыргызстандагы
жарандык шайкештик түзүүдөгү массалык маалымат каражаттарынын ролу» деген темада
илимий-практикалык семинар болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик
башкаруу Академиясынын магистранты Джумалиева Чолпон өзүнүн докладын окуп
чыкты.
Доклад окуучу алгач жарандык
иденттүүлүк же шайкештик темасын изилдөө негизинен адамдарды толук
таанып-билүү, жүрүм-турумун, ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө шарт түзүү менен жеке
өзүнө жана өз ара адамдар менен болгон мамилелерине туруктуулук берээрин белгилеп кетти.
«Кыргызстандагы жарандык шайкештикти түзүүдө,
мамлекеттин саясатын жана жүргүзүп жаткан идеологиясын иш жүзүнө ашырууда ММК
ролу чоң. Алсак, Советтер союзу
таркагандан кийин кыргызстандыктарды бириктирип, экономикалык жана социалдык
өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында бирдиктүү баалуулуктарга негизделген жаңы идеологияны издөө мүнөздүү болгон. Жалпы
улуттук мамлекеттик – жарандык шайкештикти түзүү аракеттери түрдүү идеологиялык
концепцияларда камтылган жана бул багытта ММК тиешелүү иш-аракеттерди аткарган», - деп түшүндүрөт Джумалиева
Чолпон.
Анын сөзүндө Кыргызстанды стратегиялык жактан – адамдардын
укуктарын, эркиндиктерин жана коопсуздуктарын коргоону камсыз кылуу менен
алардын жашоосу үчүн ыңгайлуу, көп тилдүү жана жагымдуу ички чөйрө,
мыйзамдуулукту сактоо, билим берүүнүн деңгээли жогору, курчап турган чөйрөсү
таза, коомдук туруктуу, эл аралык кадыр баркы жогору, экономикасы туруктуу
өнүккөн жана инвесторлор үчүн жагымдуу өнүккөн өлкөлөрдүн арасына кирген күчтүү
жана көз карандысыз мамлекет.
Комментариев нет:
Отправить комментарий