Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик
Башкаруу Академиясына Россия Федерациясынын Президентине караштуу Эл-чарбачылык
академиясынын Түндүк-Батыш башкаруу институту (ТББИ), жана мамлекеттик кызмат
делегациясы келет. Делегациянын башында Түндүк-Батыш башкаруу институтунун
директору Шамахов Владимир Александрович турат. 
         В.А.Шамахов өз сапарынын алкагында 27-март
күнү Академиянын студенттери жана мугалимдери үчүн «Евразиялык экономикалык
Союздун жаңы горизонттору: Санкт-Петербургдун көз карашында» деген темада ачык
лекция окуйт.  
          Лекция №400 аудиторияда (1-корпустун
4-кабатында) саат 11:00дөн 14:00гө чейин болот. 
Иш-чаранын
жүрүшүндө В.А.Шамахов мырзага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
мамлекеттик Башкаруу Академиясынын «Ардактуу доктору» деген наам берилет. Бул
чечим КРПМБАнын илимий кеңешинде бекитилген. 

Комментариев нет:
Отправить комментарий