2016-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик башкаруу академиясында белгилүү тарыхчы, окумуштуулардын
катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Тарых илимин
өнүктүрүү боюнча комиссиянын жумушчу тобунун 1916-жылдагы окуяларга баа берүү
иштеринин жыйынтыктарын талкуулаган тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столду Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас”
фондусунун башкармасынын төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин ачып, бүгүнкү өткөрүлүп
жаткан иш-чаранын максаты, милдеттери тууралуу айтып берди.
КР Президентинин аппарат башчысынын орун басары М.Карыбаева бул иш-чара
Президент Алмазбек Атамбаевдин «1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы
жөнүндө» Жарлыгынын алкагында ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.
«2015-жылдын ноябрь айында 1916-жылдагы окуяларга баа берүү ишин иштеп
чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Тарых илимин
өнүктүрүү боюнча комиссиянын жумушчу тобу окумуштуу-тарыхчылардын курамынан түзүлгөн.
Жумушчу топтун архивдик документтердин негизинде жүргүзгөн илимий изилдөөлөрүнүн
жыйынтыктары Кыргызстанды өнүктүрүүгө салымын кошот деген ишеничтебиз», - деди М.Карыбаева.
Иш-чаранын жүрүшүндө: «Биз Совет доорунда тыкыр изилденип жазылып, илимий
конференцияларда корголуп келген илимий монографияларды ошол көз карашта андан
ары улантып, архивдерден чогулган жаңы материалдарды тарыхый маалыматтарга келтирип,
100 жылдыкта элдер 1916-жылы кандай окуя болгондугун кыскача китептен окуп, билсин
деген максатта ушул долбоорду даярдап чыктык», - деди тарыхчы К.Молдокасымов.
Тегерек столдун алкагында катышуучулар 1916-жылдагы улуттук-боштондук
көтөрүлүш боюнча изилденген илимий-методологиялык колдонмонун материалдары китепчеси
менен таанышып чыгышты.
Кызуу талкуунун жүрүшүндө тарыхчылар 1916-жылдагы окуяга байланышкан терминдер,
фактылар боюнча ар кандай сунуштарды айтып, долбоордун авторлоруна ийгилик
каалашты.
Комментариев нет:
Отправить комментарий